Menu

Кырсыкка ким жооп берет?

Бөлүшүү:

21-апрелде, Бишкектеги №74 мектептин жанында, т.а. Чапаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде жашыл чырактан өтүп бараткан эки окуучуну катуу келе жаткан «Мерседес» унаасы коюп кеткени жалпы коомчулукка чагылгандай тез тарады. Видеосу социалдык түйүндөрдөн чыгып, жаш балдардын эс-үчүн билбей жатканы элдин кабыргасын бүгүнкү күнгө чейин кайыштырып турган кези. Эки баланын бири, 3-класстын окуучусу Эрбол жол кырсыгынын эртеси араң эсине келсе, экинчи окуучу Алимбек бир нече күндөн кийин көзүн ачканы менен азыркыга дейре жакшы болалбай жатканы маалымдалууда. Жумурай журтубуз менен бирге кырсыкка кабылган балдарыбызга ден-соолук каалап, аман-эсен айыгып кетишин Кудайдан тилейбиз. Жаратканым өзү жар болсун!

Аталган окуя элибизди сарсанаага батырып, коомду өтө кабатыр кылууда. Анткени, балдарды уруп кеткен унаанын айдоочусу жардам бербестен из жашырып, кырсык болгон жерден качып кеткен. Кээ бир маалыматтарда айдоочу укук коргоо органдарына өзү келгени айтылган, бирок иш жүзүндө милиция кызматкерлери ыкчам иш жүргүзүп, кырсык катталган жерде түшүп калган унаанын номери менен из сууткан айдоочунун өздүгүн дароо аныктап, уюлдук телефону аркылуу кечке жуук калаанын сыртынан кармашкан. Ал күнөөнү мойнуна алып, кимдир бирөөдөн акча алыш үчүн шашылыш баратканын шылтоо кылып, жоопкерчиликтен качканга аракеттенип жаткан кези. Эске сала кетсек, кырсыктын күнөөкөрү 2015-жылы да бир кишини сүзүп, ал өмүрү менен кош айтышкан экен. Бирок, каза тапкан адамдын туугандары ырайым кылып жазып берген тосмо арызынын негизинде эркиндикке чыгып кетиптир. Өкүнүчтүүсү, киши өлүмү менен коштолгон кырсыкта акылына келип, унаа башкарууну тизгиндебеген көпкөлөң жигит бүгүн минтип экинчи ирет чоң кырсыкты жасап отурат.

Бул кырсыкта дагы бир жанды кейиткен жагдай такталууда. Дегенибиз, балдарды сүзүп кеткен «мерседес» унаасындагы жигиттин артынан боз түстөгү «субару форестер» унаасы менен МАИ кызматкерлери кууп келе жатканын күбөлөр көргөн. Бирок, кармалган жаран башканы айтып, аны эч ким артынан сая түшпөгөнүн билдирүүдө. Албетте, «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» дегендей, бул жигит жанын жеп жатканы ачыкка чыгууда. Айтсак, көчөлөргө коюлган видео байкагычтар элдин айтканын тастыктады. Чындап эле ичинде МАИ кызматкерлери отурган «форестер» унаасы кара түстөгү «мерседести» кууп келип, жабырлануучуларга жардам берүүнун ордуна кырсык болгон жерден дароо багытын өзгөртүп, башка көчөгө бурулуп кеткен. Жол эрежесин көзөмөлдөгөн кызматкерлер неге балдарга жардам бербей, же качкан унааны кууган эмес деген суроо көпчүлүктүн зээнин кейитүүдө. Кызыгы, аталган унаанын номери видеого так түшсө да, бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан кези. Бул орган кызматкерлериндеги коррупцияны, жана «карга карганын көзүн чукубайт» деген өң тааныштыкты тастыктоодо.

Эң эле жаманы кырсыкты жасаган жарандын туугандары бүгүнкү күндө балдардын ата-энесине түрдүү басым-кысымдарды жасап, ишти жапканга аракеттенип жатканы ачыкка чыкты. ИИМ жетекчиси да парламентте муну тастыктап, маселени мурункудай чечкенге аракеттенгении билдирди. Албетте, акчалуу кишилер ар кандай жолдор менен кырсыктын изин жашыртыш үчүн окуучулардын туугандарын азгырышы ыктымал. Бирок, бийлик деген ага карабашы шарт. Бир эмес эки ирет кырсык жасаган жаранды тосмо арыздарга карабай туруп жазасын бериши керек. Анткени, мындай немелер эртең дагы кырсыкка кабылбайт деп ким кепилдик бералат? Ошондуктан, бийлик органдары тыкыр көзөмөлгө алып, акылына келбеген адамдарды мыйзам аркылуу жазага тартышы зарыл. Бул бүгүнкү күндүн талабы.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: