Menu

Улуттук Китепканада Жоомарт Бөкөнбаевге арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн 16-майда саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин  «…Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек, Адамды адам кылып баккан эмгек!..» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.

Иш-чараны  Жоомарт Бөкөнбаев атындагы коомдук фонд, «Кут билим» гезитинин редакциясы жана Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгына арналган «Жоомарт – мекенчил акын» республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылат.

Жоомарт Бөкөнбаев жөнүндө тартылган телефильмден үзүндү жана «Чептен эрдин күчү бек» мультфильми көрсөтүлөт, маданий иш-чаралар, сынактын жеңүүчүлөрүнө ар кандай номинацияларга сыйлыктар ыйгарылат.

Ж. Бөкөнбаевдин чыгармачылыгынын гүлдөгөн доору Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилине туура келип, «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга», «Саламы ушу Сайранын», «Жүрөгүм менин Кызыл Туу», «Ата-Журт үчүн майданга», «Дүйшөнкул», «Чептен эрдин күчү бек» сыяктуу ырларды, «Түлкү менен бөдөнө», «Торгой менен жагалмай», «Арстан менен түлкү», Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт» аттуу тамсилдерди жазган, ошондой эле И. А. Крыловдун тамсилдерин которуп андан таасир алган.

Берметтей тунук поэзия жаратуу менен бирге өтө күчтүү драмалык чыгармаларды, очерк, публицистика, сын макалаларды да жазып калтырды. «Алтын кыз», «Каргаша», «Токтогул», «Айчүрөк» аттуу музыкалык драмалары театр сахнасынан түшпөстөн коюлуп келатат.

Ж. Бөкөнбаев Некрасовдун, Лермонтовдун чыгармаларын, француз композитору Жорж Бизенин «Кармен» операнын либреттосун которгон.

Адабиятка эмгек сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. Көзү өткөндөн кийин анын ысымы Бишкек шаарынын борбордук көчөсүнө, шаардык китепканага, Тоң жана Токтогул райондорунун борборлоруна, мектептерге ыйгарылган.

Бул иш-чарага Президенттин, Өкмөттүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары,  Билим жана илим министрлиги, КР УИАнын академиктери, маданият  кызматкерлери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч., 208.

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тел.: 30-50-57

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: