Menu

Жалал-Абад областтык сотунун судьясы окуучуларга профилактикалык маектешүү өткөрдү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 13-майында Жалал-Абад областтык сотунун судьясы Калыков Бакыт Усенканович Жалал-Абад шаарынын №5 орто мектебинин 11-классынын окуучулары үчүн жашы жете электер тарабынан мыйзам бузуучулукка жана кылмыш жасоого барууну алдын-алуу боюнча профилактикалык маектешүү өткөрдү. Бул туурасында Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Судья Б. Калыков окуучуларга кылмыштын жана мыйзам бузуучулуктун түшүнүктөрүн ачып берип, алардын адам менен коомго тийгизген терс кесепеттери жөнүндө айтып берип, судьялык тажрыйбадан мисалдарды келтирип берди. Андан кийин судья окуучуларга кылмыш жоопкерчилигине тартуунун, соттолуунун жана жашы жете электердин инспекциясына каттоого коюунун жаман кесепеттери тууралуу маек куруп берди.

Жолугушууда окуучулар юрист кесибине чоң кызыгуусун көрсөтүшүп, юридикалык жогорку билимди алууга байланышкан суроолорун берип жатышты.

Иш чараны аяктап жатып, судья Б. Калыков окуучуларды дагы бир жолу мыйзамдарды сактоого жана урматтоого чакырып, бүтүрүүчү экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, алдыңкы жогорку окуу жайларына окууга өтүүлөрүн каалап кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: