Menu

Лейлек районунда май куюучу бекетте өрт чыгып бир адам күйүк менен оруканага жаткарылды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 14-май күнү саат 08:15 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Кыргызстан 60-жылдык айлында жайгашкан “Петрогаз” май куюуучу бекетинде оператордук имаратынын ашкана бөлмөсүнөн газ балондун редукторунан өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Өрттөн 28,8 чарчы метр аянтта ДСП капталган ички жасалгасы күйүп өрттүн натыйжасында май таратуучу колонканын резина,пластмассалары оттун ысыгына ээриген. Өрт күйүүчү майга жеткен эмес.

Өрт кырсыгынан 1981-жылы туулган Ж.М. (Жаңы Жер айыл аймагынын, Достук айлынын тургуну) өрттү өз алдынча өчүрөм деп, колу менен буттунан жана бетинен жалпы 18 % күйүк алып, коңшулаш Таджикистан Республикасынын жакынкы аймактагы ооруканага тез жардам аркылуу жеткирилген. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдары такталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: