2017-жылдын 14-май күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Сырт өрөөнүндөгү карлар тез ээрип, Кара-Сай суусунун көлөмү көбөйүп, Барскоон-Ак-Шыйрак унаажолунун 116-чакырымында, узундугу 126метр болгон жыгач көпүрөнүн астындагы муз ээрибей, көпүрөнүн үстү жана эки чети менен суу агып, көпүрөнүн эки жак тарабындагы тирөөчтөрүн жана жээктерин суу жеп, унаа каттамына кыйынчылыктарды жараткан. Ошондой эле Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 84,128,135,158-чакырымдарында суу түтүкчүлөрүнө суунун агымы батпай ташкындап, жолго агып кеткен. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жеринде КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук бөлүм башчысы жана Жети-Өгуз райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жерине абал менен таанышып, тиешелүү иш-чаралары уюштурууда.
Өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында №3 жол тейлөө ишканасынан погрузчик, автогрейдер, 2 даана бульдозер жана 1 даана пикап тартылган.
Учурда жолдун суу жеп кеткен жерлерин, суу түтүкчөлөрүн өз калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ