Ички иштер органдары тарабынан кылмыштар тууралуу келип түшкөн бардык билдирүүлөргө ыкчам түрдө жооп берилип жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
15-21-майга чейинки аралыкта ИИМдин ыкчам чара көрүү борборуна Республика боюнча 2374 кылмыш иши катталып алардын 1948 нин өздүгү такталган. Кылмыш иликтөөгө тиешелүү 602 факты катталып, анын 363 кылмыштын бети ачылса, 109 кылмыш изи сууй электе ачылган. Мурда болгон 117 кылмыштын бети ачылган.
Адам өлтүрүү боюнча 1 кылмыш ишинин бети ачылса, 14 тоноочулук, 4 денеге залал келтирүү, 14 зордуктоо, 252 алдамчылык, 74 уурулук, 3 мал уурулук, 1 унаа урдоо фактысынын бети ачылган. 22 кг. 221 грамм мыйзамсыз баңгизаты алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ