Menu

Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы 1-калкты тейлөө борборунун (КТБ) ишмердүүлүгү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда,  Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборунун 1- (КТБ)  ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев маалымдагандай, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 22 миңден ашык жаран биометрикалык паспорт алуу үчүн электрондук анкеталарын тапшырышты. Ушул жумада буга чейин паспорт алуу үчүн документ тапшырган жарандар  биометрикалык паспортторун ала баштайт.

Аталган борбордо Бишкек шаарындагы Ленин, Октябрь, Биринчимай райондук паспорт-визалык каттоо бөлүмү жана райондук ЗАГС жайгашкан. Орто эсеп менен 1- КТБ күнүнө 1000 жаранды тейлейт.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, борбор райондор аралык болгондуктан келген жарандар көп болууда.  Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адистердин жетишпей, айрым ыңгайсыздыктар  байкалууда.

«Бул жарандар тарабынан мамлекеттик тейлөөнүн сапатынын төмөндүгүнө болгон нараазчылыктарга алып келет. Ошондуктан  Бишкек шаарында калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгүн бөлүштүрүп, кошумча пункттарды ачуу керек», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматына калкты тейлөө борборундагы жаралган бардык кемчиликтерди  жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну жана  жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы 1-калкты тейлөө борборуна барган учурда  биометрикалык паспорт алуу үчүн керектүү документтерди тапшырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: