Menu

Жалал-Абаддагы “тегерек столдо” кургак учук оорусун дарылоонун көйгөйлөрү талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-майда Жалал-Абад шаарындагы “Мөлмөл” тейлөө комплексинде Жалал-Абад жана Чүй облустарынын дарыгерлеринин катышуусундагы “тегерек столдо” кургак учук оорусун амбулаториялык негизде дарылоонун жолдору туурасында кеңири сөз барды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Кургак учук оорусунун алдын алуу жана социалдык оору менен жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү багытындагы Жалал-Абад облусундагы демилгелүү иш-аракеттер туурасында Чүй облусунан келишкен дарыгерлерге “тегерек столдо” кеңири жана жетиштүү маалымат берилди. USAID  тарабынан колдоого алынган “Кургак учукту жеңебиз” долбоору тарабынан уюштурулган “тегерек столдогу” семинар-кеңешмеге КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Аэлита Ибраева, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиева, Жалал-Абад облусттук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурул Кадырова, Улуттук фтизиатр борборунун  директору Абдуллат Кадыров, “Кургак учукту жеңебиз” USAID долбоорунун директору Айнура Ибраимова жана Жалал-Абад менен Чүй облустарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери, кургак учук оорусун түздөн-түз дарылоодо иштеп жатышкан ак халатчан дарыгерлер менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Өлкөдө кургак учукту жеңүү абдан чоң жана татаал иш. Ал тиешелүү мыйзамдарды жана ченемдик укуктук документтерди кабыл алууну, натыйжалуу жана жетиштүү каржылоону, медицина кызматкерлерин тынымсыз окутууну, оорулууларды аныктоодо так диагностика коюуну жакшыртууну талап кылат. Эң башкысы дары-дармектерге болгон суроо-талаптарды туура башкарууну жана бейтаптарга коомдун колдоо көрсөтүүсүнүн мааниси абдан чоң.

Учурда Кыргызстанда кургак учукту жеңүү максатында үч багыттар боюнча иш-аракеттер жасалып келе жатат. Биринчиси, дартты аныктоо жана дарылоо боюнча кургак учукка каршы көрсөтүлгөн жогорку сапаттагы кызматтарды жалпы пайдаланууну жакшыртуу. Экинчиси, медицина кызматкерлерин өз милдеттерин аткаруу үчүн алардын адистигин жана дараметин чыңдоо. Мисалы, адамдык жана институттук потенциалдарын жогорулатуу. Лабораторияларды модернизациялоо. Үчүнчүсү, кургак учук  оорусу боюнча маалыматтардын сапатын жана аларды пайдаланууну жакшыртуу. Атап айтканда, негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн кургак учукка каршы кызматтарды жана медицина кызматкерлерин кургак учук дарты боюнча маалыматтарды башкаруунун заманбап жана санариптик системалары менен камсыздоо болуп саналат.

USAID долбоору тарабынан 2014-жылдын август айынан ушул кезге чейин 3200гө жакын дарыгерлер менен медайымдарды, лабораториялык адистерди жана Кыргыз Республикасында кургук учукка каршы жардам берүүнү жакшыртуу боюнча иш алып барышкан өнөктөштөр окуудан өткөрүшкөн. Консультациялар менен тренингдерди өткөрүү аркылуу Долбоор кургак учук менен ооруган бардык орулууларды госпитализациялоодон эл аралык деңгээлде сунушталган амбулатордук дарылоого өткөрүүгө колдоо көрсөткөн. Мында бейтапты ооруканага жаткыруунун зарылчылыгы жок. Анын натыйжасында амбултордук дарыланууда турган орулуулардын саны үч жылдын ичинде 7 эсеге көбөйүп, оорукананын ичинде дарт жуктуруп алуу тобокелчилигин азайтуу менен дарылоо мезгилинде кадимкидей тиричилик менен алектенип жашаган адамдардын саны өскөн.

Кургак учук оорусунун алдын алуу жана аны натыйжалуу дарылоо боюнча  өткөрүлгөн “тегерек столдун” жүрүүсүндө Жалал-Абад жана Чүй облустарынын ак халатчан дарыгерлери өздөрүнүн  иш тажрыйбалары боюнча кеңири маалыматтарды бөлүшүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: