Menu

Жогору Кеңеште Президенттик шайлоо өтчү күндү 15-октябрга дайындоо демилгеси сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети шайлоо жүрүмүн өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Д.Бекешев, А.Алтыбаева, М.Жеенчороев, У.Кыдыралиев, Д.Жумабеков, Т.Исакунова, М.Бакиров, А.Жунус уулу, А.Акматов, А.Шыкмаматов.

Демилгечилердин маалыматына караганда, турмуш көрсөткөндөй, шайлоо мыйзамдары андан ары өркүндөтүүгө, анын ичинде шайлоо өтүүчү күндөр кайрадан тактоого муктаж. Мисалы, президенттике талапкерлердин күрөөсу 2 млн сомго чейин көтөрүү чарасы сунушталууда. Ошондой эле, шайлоо босогосун азыркы 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатуу зарыл.

Иштеп жаткан мыйзамда кезектеги Президентти шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөрү белгиленген, анткени Президенттин ыйгарым укуктары ошондо токтоп, Жогорку Кеӊеш шайлоо күнүнө 4 айдан кеч эмес убакыт калганда кезектеги шайлоо күнүн дайындайт. Ошондон улам, мыйзамдын 48-беренесиндеги «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөзгө алмаштыруу сунушталууда. Демек, кезектеги президенттик шайлоо быйыл 19-ноябрда эмес, 15-октябрда өтүүгө тийиш.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов шайлоо 15-октябрда өтө турган болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы 1-декабрга чейин шайлоо жол-жоболорун жыйынтыктап бүтүшү керектигин белгиледи. БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо өткөн кийинки 20 күндө шайлоо жыйынтыгын чыгарууга мүмкүнчүлүк болорун билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: