Menu

Жалал-Абад облусунун 3 районунда дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, алдын алуу жумуштары ӨКМдин жеке көзөмөлүнө алынды

Бөлүшүү:

Тоолордогу кардын тездик менен ээришинен Авлетим, Падыша-Ата, Чанач-Сай жана Терек-Сай дарыяларынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жей баштаган. Натыйжада бир топ турак жайларга жана көпүрөлөргө кооптуу абал жаралган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорундагы 4 дарыянын (Авлетим, Падыша-Ата, Чанач-Сай жана Терек-Сай дарыялары) деңгээли көтөрүлүп, жээктеринен ашып, турак жайларга, айдоо аянттарына, көпүрөлөргө, унаажолдорго кооптуу абал жаратууда.

Аталган кооптуу аймактарды жеринен көзөмөлгө алуу жана ыкчам чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Бороновдун буйругу менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов башчылыгында ыкчам топ жеринде иш чараларды аткарууда.

Аталган райондордогу кооптуу кырдаалды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.
Алдын алуу иш-чараларды тез арада уюштурууну жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында, Аксы районунда областтык Штаб түзүлүп, жеринде кырдаал боюнча маалыматтар ар бир саат сайын КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан министрликтин жетекчилигине баяндалууда.

Маалымат үчүн айта кетсек 2017-жылдын 14-майынан баштап Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-жарандык коргонуу башчысы тарабынан Аксы районуна “Өзгөчө кырдаал” абалы киргизилген.

2017-жылдын 12-май күнү Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 3 айылдагы 79 турак үйгө жана ички чарбалык автоунаа көпүрөсүнө кооптуу абал жаралган. Авлетим дарыясынын сыйымдуулугу секундасына 18,7 м3 болсо, бүгүнкү күндө дарыяда суунун денгээли секундасына 28,5 м3 жетип, аталган дарыянын 17 участкасынан кооптуу абал жаралган.

Жалпы Авлетим айылындагы 2 даана унаалар өтүүчү көпүрөнү, 4 чакырымга жакын аралыктагы ички чарбалык жолду бузуп жараксыз абалга келтирген. Андан сырткары АРИС программасы аркылуу курулган көпүрөнүн суу кирген жээгинин оң тарабындагы таш менен бекемделген 40 метр болгон аралыгын суу жууп кетүү кооптуулугу жаралууда.

Ал эми 2017-жылдын 13-май күнү өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга дарыянын нугун буруу жана жээгин бекемдөө үчүн, Арал айылындагы жергиликтүү тургундардан 7 адам, КР ӨКМнен 1 бирдик экскаватор, 2 бирдик автожүктөгүч жана райондук №12 жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик жүктөгүч, айыл аймак тарабынан менчик 1 бирдик автожүктөгүч, 1 бирдик КамАЗ тартылып, турак жайларга кооптуулук жаратып жаткан сайдын сол жак тарабы, жаңы ачылган нукка салынды.

Мындан сырткары Байкашка-Терек айылындагы кооптуу участкаларды аска таш менен бекемдөө максатында Таш алуучу карьерге баруу үчүн 100 метр жаңыдан унаа жол салынып, алыстыгы 15 чакырым болгон Мукур айылынын Бүчмө участкасынан 2017-жылдын 13-май күнү 3 каттам таш ташылды. Жумушка 1 бирдик автожүктөгүч жана 2 даана оор жүк ташуучу техникалары тартылды.

Ал эми 2017-жылдын 14-май күнү Кашка-Суу айыл аймагынын Кара-Башат айылынын Орто-Токой участкасындагы Падыша-Ата дарыясы бүгүнкү күнгө секундасына 25 м3 суунун көлөмү жогорулап, дарыянын жээктеринен ашып, жээкке жакын жайгашкан 27 турак жайларга кооптуу абалды жараткан.

Падыша-Ата дарыясынын 300 метр аралыгынын нугун тазалоо жана 100 метр аралыгын жээгин аска таштар менен бекемдөө жана дарыянын сол жээгин 50 метр аралыгын аска таштар менен бекемдөө жумуштары аткарылууда.

Кербен-Ала-Бука-Чаткал автоунаа жолунун 10-чакырымындагы Падыша-Ата дарыясына курулган №12 жол тейлөө ишканасынын карамагында турган көпүрөгө жана сайдын 100 метр аралыгына кооптуу абал жаралган.
Кара-Башат айылынын Орто-Токой участкасындагы Падыша-Ата дарыясынын оң жээгинин 100 метр аралыгынын суу жеген коркунучтуу жери кум толтурулган 200 кап менен жергиликтүү 25 адам тарабынан убактылуу тосулган.

Кооптуу жерде жайгашкан 19 үй-бүлөнү убактылуу көчүрүү үчүн № 26 З.Кутманова атындагы орто мектеби даярдалды. Азыркы учурда өтө кооптуу деген 6 үй-бүлө туугандарыныка көчүрүлдү. (25 үй-бүлөдө 114 адам жашайт).

Облустук штаб мүчөлөрү Кашка-Суу жана Авлетим айыл аймактарындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча аткарылып жаткан жумуштар боюнча жеринде жергиликтүү эл менен жолугушуп кооптуу участокторду карап чыгышты.
Облустук штаб мүчөлөрү менен биргеликте райондук штаб өткөрүлүп, райондук Жарандык коргонуу кызматтарына тапшырмалар берилди.

Падыша-Ата дарыясынын Кара-Башат айылынын Орто-Токой участкасындагы Падыша-Ата дарыясынын оң жээгинин 300 метр аралыгынын нугун тазалоо жана 150 метр аралыгынын жээгин аска таштар менен бекемдөөгө, КР ӨКМнен бир бирдик экскаватор жана бир бирдик оор жүк ташуучу уунаа бөлүндү.

2017-жылдын 14-май күнү саат 23:15де Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары-Көчүрүү комиссиясынын төрайымы башчылыгында райондук медицина кызматынын башчысы менен 2 дарыгер, 3 мед айым, райондук коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынан 2 кызматкер Кашка-Суу айыл аймагындагы кооптуу кырдаал боюнча жерине иш чараларды уюштурууга чыгып, жумуш аткарууда.

Ала-Бука районунда 2017-жылдын 13-майына карата күндүн катуу ысып, тоолордогу кардын тез ээришинен Чанач-Сай дарыясынын сыйымдуулугу секундасына 7 м3 болсо, бүгүнкү күндө секундасына 15м3суу агып, (эки эсе көп) жээктерин жеп, кооптуулук жаралууда.

Тактап айтканда, Ак-Там айыл аймагынын Ак-Там айылындагы Чанач-Сайдын суусунун нугу көбөйгөндүгүнөн, дарыянын оң жээгиндеги 12 турак жайга жана короо-сарайларына кооптуу абал жаралган. Ошондой эле Аксы-Ала-Бука-Чаткал райондорун байланыштырып турган Ала-Бука-Кербен автоунаа жолунун 17-чакырымындагы Чанач-Сайына курулган Ала-Бука райондук №17 жол тейлөө ишканасынын балансындагы унаалар өтүүчү көпүрөгө, айылдын 700га айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздаган суугат “Жамал” каналына кооптуу абал жаралууда.

Мындан сырткары суунун нугу өз багытын өзгөртүп, бир топ сай жээктерин бузуп кетүү коркунучу жаралган.

Айыл аймак тарабынан менчик 1 бирдик экскаватор техникасы жана Ак-Там айылындагы Асфальт заводунун 1 бирдик жүктөгүч техникалары тартылып, суунун нугун буруу, түздөө жумуштары аткарылды, бирок сайдагы суунун көлөмү көп болгондугуна байланыштуу атайын техниканын жардамында жасалган 50 метр шпораны суу бузуп, агызып кетти. Жергиликтүү тургундардан 55 адам жумушка тартылып КР ӨКМги тарабынан берилген 500 даана каптарды кум шагылга толтуруп, орнотуу жана кол күчү менен атайын кооптуу участкаларында жээкти бекемдөө жумуштары аткарылды.

КР ӨКМги тарабынан 1160 литр дизелдик күйүүчү май, Чанач-Сай дарыясынын кооптуу участкаларын бекемдөөгө жана суунун нугун буруу жумуштарын аткаруу үчүн бөлүнүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: