Жалал-Абад облусунда Япониянын Jika эл аралык компаниясынын долбоору алкагында “Бир айыл – бир азык” долбооруна чыйыр салуу боюнча биринчи жолугушуу болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Аталган долбоор буга чейин Ысык-Көл облусунда үзүрлүү иштеп, ал алгылыктуу оң натыйжаларды алып келген. Долбоордун башкы максаты айылдарда жамааттар тобун түзүү менен жергиликтүү экологиялык таза азыктарды жана сапаттуу буюмдарды өндүрүү, аларды экспортко чыгаруу болуп саналат.
Ишкерлердин катышуусу менен өткөрүлгөн жыйынга КРнын экономика министрлигинин реалдуу экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мирбек Калмурзаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев, КРнын экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Тынысбек Турдубеков, Япониянын Jika эл аралык компаниясынын эксперттери Харагучи Акихиса менен Асано Тецуя катышты.
— Биздин башкы максат айылдардагы ишкерлер менен жамааттардын менчигинин түрүнө карабай алар тарабынан өстүрүлгөн жергиликтүү айыл чарба азыктарын, ошондой эле таза жибек менен биологиялык таза пахтадан жасалган буюмдарын өндүрүүгө көмөктөшүү жана аларды сыртка экспортко чыгарууга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү болуп саналат. 2012-2016-жылдары “Бир айыл – бир азык” долбоору Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү жүзөгө ашты деп ишенимдүү айта аламын. Бул долбоордун алкагында иштелип чыгарылган жеригилктүү азыктар менен буюмдар дүйнөдөгү ондогон алдыңкы өлкөлөрдө сатыкка экспортко чыгарылууда – деди Jika эл аралык компаниясынын эксперти Харагучи Акихиса.
Ысык-Көл облусунда долбоор иштеген 4 жыл аралыгында 2000 адамдын башын бириктирген 178 жергиликтүү жамааттар түзүлүп, ага 47 айыл тартылган жана 3000ден ашуун адам жумуш орундары менен камсыз болушкан. Анын натыйжасында 800гө жакын ар кандай жеригилктүү азык-түлүктөр жана буюмдар өндүрүлүп чыгарылган. Төрт жыл аралыгында долбоордун колдоосу менен 54 млн. сомдук айыл чарба продукциялары менен сапаттуу кол өнөрчүлүк буюмдары жасалып чыгарылган. Жыйындын катышуучуларына Ысык-Көл облусунун жергиликтүү жамааттар тобунун мүчөлөрү тарабынан өндүрүлүп чыгарылган азык-түлүктөрдүн ассортименттери менен кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлдү.
— Биз бир жарым жылдын аралыгында Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү жаматтардын кайсыл айыл чарба азыктарын сапаттуу өндүрүүгө жетише ала тургандыгына тыкыр иликтөө иштерин жүргүзөбүз. Андан соң алардын демилгелери менен мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ар бир айылга ар тараптуу колдоолорду ишке ашыра баштайбыз. Бул маселеде Жалал-Абад облусунун ишкерлери менен жергиликтүү жамааттарынын мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигине бизде терең ишеним бар,- дейт Jika эл аралык компаниясынын эксперти Асано Тецуя.
Жыйындын жүрүшүндө ишкерлер менен Jika эл аралык компаниясынын эксперттеринин ортосунда эки тараптуу кызматташууга кызыккан жана ынтызарланган маанайдагы кеңири ачык-айрым баарлашуу, суроо-жооптор болду. Япониянын Jika компаниясы Бишкек – Ош автомагистралындагы Көк-Арт дарыясына 2015-жылы гранттын эсебинен 11 млн. долларга жаңы көпүрөнү куруп тапшырышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ