Дүйшөмбүдө жаңы курулган көп кабатуу үйлөрдөгү батирлердин баасы кескин төмөндөп, арзандоо 15-20 пайызга жетти.
Эки жыл мурда жаңы курулган үйдөгү чарчы метрдин баасы 700-800 доллардан төмөн эмес болсо, бүгүнкү күндө батирди чарчы метрин 300 доллардан сатып алууга болот. Айрым курулуш компаниялары үйдүн жайгашкан районуна жараша чарчы метрин 450 доллардан 700 долларга чейинки баада сунуштап жатышат.
Экономист Шамсиддин Жалолов батирлердин баасы 15-20 пайызга, айрымдары эки эсеге төмөндөгөнүн белгилөөдө. «Банк системасында талаптагыдай насыя саясатынын жоктугунан, ошондой эле кичи жана орто бизнеске түзүлгөн тоскоолдуктардан улам, биз турак-жай баасынын 80-90 пайызга арзандашына быйыл эле күбө болуп калышыбыз толук мүмкүн», – деп эсептейт ал.
Дүйшөмбүдөгү «Зарафшони Сино» курулуш компаниясынын өкүлү турак-жайдын арзандашын эмгек мигранттар которгон акчанын азайгандыгы менен байланыштырууда. «Биздин сатып алуучулардын көбүн Орусияда иштеген эмгек мигранттары түзүшөт. Алар болсо акча дээрлик жок экенин айтып жатышат», – деди ал.
«Лола» курулуш компаниясынын өкүлү доллар курсунун жогорулашы менен арматурага болгон баалар төмөндөгөнүн белгиледи. «Мурда арматура 1200 доллар болчу. Баасы доллардын курсуна жараша эсептелчү. Андан сырткары азыр жумушчулардын маяналары да төмөндөдү, анткени эмгек базарында сунуштар өтө көп», – деп билдирди ал.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ