Menu

Оштогу сейил бактардын биринде 11 адам отурган карусель кулады

Бөлүшүү:

14-май, жекшемби күнү Ош шаарынын Навои сейил багында жайгашкан каруселдердин бири кулап, 11 адам жабыркады. Бактыга жараша адам өмүрү кыйылган жок. Учурда каруселдин кулашы боюнча Ош шаардык милициясы «техникалык каражаттарды колдонуу эрежесин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бирок шаардагы ар кайсы кызматтар карусель кырсыгына тиешеси жоктугун айтышууда. Алгач Мамлекеттик экологиялык жана техникалык
коопсуздук инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын орун басары К.Раимова каруселдердин жарактуулугун текшерүү алардын милдетине кирбей тургандыгын билдирди. Көрсө, Навои багындагы төрт гектар жерди бардык аттракциондору менен беш жылга 5 миллион сомго Улан Каримбаев аттуу жеке ишкер ижарага алган экен. Кыскасы, аз жерден 11 адамдын өмүрүнө коркунуч жаралып, денелеринен ар кандай денгээлде жаракат алган адамдарга ким жооп берери белгисиз болуп турат. Бул окуя дагы бир ирет бизде ишкер, бизнесмен деген атка жамынып алган шылуундар кандай гана жолдор менен болбосун, акча жасоону гана билишип, жоопкерчиликти ойлоп да коюшпагандыгынын кашкайта далилдеп койду. Ал эми тиешелүү текшерүүчү органдар кагаз жүзүндө гана “текшеришет”.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: