Menu

Отунбаева vs Исаков

Бөлүшүү:

Өткөн жумада президенттик шайлоого байланыштуу жарандык форумда экс-президент Роза Исаковна учурда Атамбаевдик бийлик атаандаштарын сүйлөтө койбой коркутуп, камап жатканын сынга алган. Ошонун арасында ал Атамбаевдин акаевдик, бакиевдик кадрларга таянып иш алып бара жатканын, короосуна ошолор толуп алганын катуу сындаган. “Атамбаевди колдобогон адамга кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Айрымдары абакта отурушат. Биз мамлекет башчысын сындагандарга президенттин ар-намысын коргоо боюнча жазылган арыздардын санынан да жаңылып калдык. Мунун баары бийликти узурпапиялоого жана саясий жоопкерчиликсиздикке алып келет”,- деп айтты Отунбаева. Эмнегедир, Ак үй ичинде жайнаган акаевчи-бакиевчи кадрлар унчукпай, Отунбаевага президенттик аппарат жетекчиси Сапар Исаков жооп кайтарды. “Роза Отунбаева өз сөзүндө акаевдик жана бакиевдик команда азыркы президенттин бийлигине ийгиликтүү аралашып кеткенин эскерткен. Чынын айтсам, Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда жогорку кызматты ээлеп, тышкы иштер министри болуп турган Роза Исаковнадан мындай сөздү угуу таң калаарлык. Эгерде анын айрым кол алдындагыларына учурдагы президенттин Аппаратында же өкмөттө орун табылбай калса эле, “аларды ыпластыктан тазалоо” зарылдыгы тууралуу айтууга болбойт”, – деди ал. Бирок, Сапардын орой түрдө өз апасындай болгон экс-президентке сын ыргытканын коомчулук терс кабыл алды. Анан да көбү аны: “Максимдин кадры экени жалганбы, эмне чычалайт?”- деп кабыл алды го.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: