Menu

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Өкмөт өз элине чыккынчылык кылды”

Бөлүшүү:

– Эркингүл эже, Кыргызстанда орун алып жаткан сяасый кырдаалга кандай баа бересиз?

– Азыркы мезгилдеги мамлекетибизде орун алып жаткан саясатта эмнегедир акыйкатсыздык өкүм сүрүп, ал мыйзамды одоно бузуу менен коштолуп, бийликтин адамдары менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда “Кытай сепили” бөлүп тургандай кырдаал орун алып жатат. Жада калса бийликтеги чиновниктер менен оппозиция өкүлдөрү дос болсо да бири-бири менен сүйлөшкөндөн коркуп, аялдары бири-бирине баргандан абайлап, сактанып калган жагдай орун алды. Мурунку бийликте да оппозиция өкүлдөрүнө коркутуу, үркүтүү, куугунтуктоо болгон, бирок азыркыдай темп менен болчу эмес. Ал кезде мамлекеттик орундарды, бала бакча жетекчисин, пол жуугучуна чейин бийликтин партиясынын сабатсыз адамдары ээлеген эмес. Кызматка койсо да иш билген инсандарды коюшкан. Азыркыдай партиялык системага шылтап алып, билимсиз, сабатсыздарды жолотушкан эмес.

– “Улам жаңы шайланган парламент кадырын жоготуп, талапка жооп бербеген адамдар келе баштады” деп капа болгондор көп. Азыркы парламенттин иши купулуңузга толуп жатабы?

– Азыркы парламент көрүнүктүү иш жасай албай жатат. Жасаган иши – Конституцияны өзгөртүү жөнүндө референдумга жол ачып беришти. Бул тарыхта калат деп ойлойм. Бирок, булардын жакшы да, жаман да жагына
мезгили келгенде эл баа берет. Ошол өзгөрткөн баш мыйзам боюнча Иса Өмүркулов аябай айтты эле, “Кумтөр” долбоору бонча күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Ошон үчүн өзгөртүп жатабыз”- деп. Мен ошол иш качан башталаарын көрбөй жатам. Эл көбүнчө “Кумтөр” боюнча “коррупционерлер соттолот экен” деп Баш мыйзамга добуш берген, эми жыйынтыгын күтүп жатышат. Бирок, жогору жактан ал иштин башталганы тууралуу кеп да, аракет да жок. Эми бу сапар да элди алдашабы? Эгер мен туура эмес айтсам, анда “биз антип айткан эмесбиз” деп айтышсын.

– Президенттин акыркы күндөрү көнүл айтканы жана башка жерде сүйлөгөн сөздөрү коомчулуктун сынына кабылып жатат. Бул боюнча не айта аласыз?

– Президенттин акыркы күндөрү элдин алдында сүйлөгөн сөздөрүн эл талдап өз баасын берип жатат. Мен өлкө башчысы кандай темада сүйлөсө да “абайлап сүйлөсө” деген эле ойду айткым келет.

– Кудай буюруп, дагы депутат болуп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсоңуз кандай иштерди жасоо менен алек болот элеңиз?

– Сиздер билгендей, менин эң  маанилүү мыйзамыма Президент тарабынан кол коюлган эмес. Азыр да парламентте жатат. Ал “КР мөңгүлөрү жөнүдө” мыйамдын долбоору болчу. Кудай буюруп, дагы депутат болуп калуу мүмкүнчүдүгүнө ээ болсом, мына ошол мыйзамды ишке ашышына аракет кылат элем. Себеби, “Кумтөр” компаниясына өкмөт уулуу заттар топтолуучу дамбаны чоңойтууга уруксат бериптир. Чынында бул нерсе элине, мамлекетине кылган чыккынчылык. Кокус “Кумтөрдө” катострофа болсо, азыркы болуп жаткан жер көчкүлөр бул жакта эле калат. Башкача айтканда, дамба жарыла турган болсо, Кудай сактасын, анда аны сөз менен айтууга мүмкүн болбой калат. Өкмөт ошондой иштер менен алек болгону өкүнүчтүү. Булар бүгүн “акча үчүн ошол жолду тандоого аргасыз болдук” дегени менен келечектин сурагы катуу болоорун билбей жатышат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: