Menu

Карусель кырсыгы боюнча териштирүү кызыды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы Навои сейил багында кулаган каруселден 11 адам жабыркап ооруканага жеткирилген. Кырсыктан жапа чекендердин бирөөнүн дагыле акыбалы оор. Бул жөнүндө Ош шаардык оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кылычбек Мамашарилов ачыктады.
Ооруканага жалпысынан 11 адам кайрылган. Бешөөнө амбулатордук гана жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

– Ал эми бирөөнүн баш мээси чайкалып, оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган экөөнүн абалы азырынча канааттандырарлык. Алар дагы омурткасынан жана баш мээсинен жаракат алышкан. Арасында үч жаш бала дагы болгондуктан, аларды Ош облустук балдар ооруканасына жибердик. Калган сегиз адамдын бешөө амбулатордук жардам алып үйлөрүнө кетишти, -деп кошумчалады Ош шаардык оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кылычбек Мамашарипов.

Эскерте кетсек, 14-майда кечки саат 17.30дар чамасында Ош шаарынын Алишер Навои сейил багында карусель кулап, 11 адам жабыркап, ооруканага дароо жеткирилген.

Аталган кырсык боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кеңири иликтөө жүргүзүүдө
баштады. Бул багытта атайын топ түзүлүп, ишке киришти.

– Кырсык болгон жерде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү тергөө тобу иштеп жатат. Ага удаа тиешелүү экспертизалар дагы дайындалды, – деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошев.

Ал эми айрым интернет сайттарына карусель кулагандан кийинки кыска тасма дагы тарады. Анда кырсык маалында ээси оогон абалда жаткан өспүрүм кызды дагы көрүүгө болот. Кырсыкка кабылгандардын үчөө Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: