Menu

Дыйканбай Даминов: ““ОшЭлектро” ишканасы аскер сыңары ар кандай кырдаалга даяр турат…”

Бөлүшүү:

Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыгы электр тармагын дагы абдан чоң түйшүккө салды. Бир канча чакырымга созулган энергия чубалгылары катарынан кыйрап, жүздөгөн электр мамыларын жер көчкү кадимкидей басып калды.

Ушул тапта аймакта деги кырдаал кандай? “ОшЭлектро” ачык акционердик коомунун башкы директору Дыйканбай Дамидовду ат жалында кепке тарттык.

– Дыйканбай мырза, быйыл Өзгөн районунун кырсыктан дегеле башы чыкпай калды го. Андыктан, элеттиктерди электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жагы кантти экен?

– Өзгөн районундагы жер көчкү 101 электр мамысын басып калды. Мунун кесепетинен бир нече чакы­рымга тартылган энергия чубал­гылары дагы катарынан кыйрады. Ошентип, жергиликтүү тургундар далайга жарыксыз дагы калышты. Бирок, баса белгилеп коюум парз, Өзгөн райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери күнү-түнү иштешип, кризисти кечеңдетпестен жөнгө салганга жарашты. Учурдан пайдаланып, аларга жетекчи катары ыраазычылыгымды дагы айтып коюуга тийишмин!

-Анда неге Өзгөн райондук электр тармактары ишканасы­нын башчысы Мирбек Гүрөңов кызматынан шыпырылды?

-Мунун жөнү таптакыр башкада. Өзгөн райондук электр тармак­тары ишканасынын башчысы Мирбек Гүрөңов дал ошол кыйчалыш кырдаалда ишине жоопкерчиликсиз жана шалаакы мамиле жасаган. Ошону үчүн Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков тарабынан Оштогу жыйында эле токтоосуз жазаланды, анан ишинен кол жууду. Узакка создуктурбастан, Мирбек Гүрөңовдун ордуна “ОшЭлектро” иш­канасынын борбордук кеңсесинде эмгектенип жаткан Артур Жусуевди жөнөттүк. Бул жигит – жаш, абдан чыйрак, анан тажрыйбалуу адис. Эң башкысы иштин көзүн абдан жакшы билет.

– Дыйканбай мырза, бул кебетесинде жаратылыш кырсыктары Ош облусунун башка аймактарын дагы дегеле соо койчудай эмес! Мына, жер көчкү тоолуу райондордо ого бетер күчөдү. Эми кантесиздер?

– Кырсык – каш-кабактын ортосунда. Айтып келбейт экен. Ошондуктан, “ОшЭлектро” ишканасы ар кандай күтүсүсүз кырдаалга аскер сыңары дайым даяр турат, Муну үчүн адам ресурстарыбыз жана техникалык каражаттарыбыз дээрлик жетиштүү.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: