2017-жылдын төрт айында жашы жете элекгердин өз өмүрүнө кол салуусу боюнча 47 факт катталды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 8 далилге көп дегенди ырастайт. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынан билдиришти. Жогорудагы орун алган 47 суициддин жыйырма тогузу өспүрүм ата-энеси менен урушуп кеткен көрүнүштөн кийин болгон. Ал эми үчөө оорусуна байланыштуу, тогузу жоопсуз сүйүү үчүн өмүрүн кыйышкан болсо, үч фактынын себеби аныкталууда.
Айтор, балдардын өз өмүрүнө кол салуусу коомчулукту ойлондурган негизги маселе. Ошондуктан бул багытта жалпыбыз бирдикте иш алып барууга тийишпиз дешет серепчилер.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ