Menu

Айтмамат Назаров, ЖК депутаты: “Ноокенде балдар ууланды, себебин ачыктайлы?”

Бөлүшүү:

– Айтмамат Кошоевич, бир айылда элүүдөн ашуун бала ууланып, эл паникага түшүп жатканын айтуудасыз. Бул боюнча кененирээк маалымат бере аласызбы?

– Ноокен районунун Тоскоол айылындагы Токторбаев атындагы мектепте балдар массалык түрдө ууланган. Элүүдөн ашык бала ооруканага жаткырылды. Аларды кайра чыгарышты. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин диагноз коюла элек. Чыгарган балдар кайра ооруканага түшүп атышат. Саламаттык сактоо министринин орун басары «солнечный удар болгон» дейт. Эгер күн өткөн болсо, анда эмне үчүн башка жактарда андай окуялар катталган эмес? Эмне, булардын көзү ачык болуп калганбы? Ал жердеги кырдаалды бүт жашырып, эч кимге айттырбай жатышат. Эл паникага түшүп, балдарын мектепке жөнөткөндөн коркуп калышты.

– Сиздин айтымыңызда, мындан мурдараак ал жерде ич келте болгон экен. Кайра ошондой бир жугуштуу оорулар болушу мүмкүнбү?

– Болушу мүмкүн. Мындан жети-сегиз жыл мурда ич келте катталып, ошол айылга карантин киргизилген. Үч ай карантинде турган, айылга эч ким кирип-чыкпай калган. Аны комплекстүү текшериш керек. Булар болсо жашырып атышат. Болгону балдарды алып келип, палатага жаткырып, анализге кан алгандан башка эч нерсе кылган эмес. Бул эмне деген дарылоо? Телевидение барып «тарталы» десе, «эч ким жок» деп реанимациядагы алты баланы көрсөтпөй жатышат.

– Сиз өзүңүз бардыңызбы ал жакка?

– Ал айылда менин туугандарым жашайт. Тынбай сүйлөшүп турам. Кырдаалды ар жарым саат сайын айтып турушат. Алар азыр президентке, премьерге кат жолдошту. «Мектептин ичинде бирдеке бар» деп атышат. Мен эми айта албайм, балким, ал жерде ядохимикат болушу мүмкүн. Бул ишке башка да адистерди тартыш керек. ӨКМден, илимдер академиясынан, саламаттык сактоо министрлигинен комиссия түзүп, мектепти текшерүү зарыл. Мектептин ичинде бирдеме бар. Балдар сыртта таза эле жүрүшөт да, мектепке келсе эле эси ооп жыгылып, калтырак басып калып атат. Муну такташ керек да. Бүгүн мына тогуз күн болду, ошондон бери диагноз коюша элек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: