Menu

Шакинин айынан Канат Исаевдин башына кара булут айланууда

Бөлүшүү:

Өткөн аптада ЖК депутаты Канатбек Исаев УКМКга чакырылып, козголгон кылмыш иши боюнча сурак берген. Көптөн бери Токмок шаарында мэр болуп жүргөн кезиндеги ишмердиги чукулуп келгени, жыйынтыгында, «коррупция» беренеси боюнча айыбын угузуп, Кыргызстандан чыкпоо боюнча талап коюлганы жарыяланды. Исаев мындай көрүнүштү саясый куугунтук катары баалап, өзүнүн ак экенин сотто далилдөөгө белсенип турат. Буга чейин коомчулукта Канат мырза Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыкканы үчүн саясый басымга дуушар болгону айтылып келет. А мындан дагы кызыгы, ал көшөгө артынан алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун таламын катуу талашканы, бизнес кызыкчылыктын айынан бийликтеги айрым таасирдүү фигуралар менен «разборка» кылганы ыраспы? Үлкөндөр көшөгө артынан бир пикирге келише алышпай, аягында былтыркы Конституциялык өзгөрүшкө каршы чыгуу саясаты коштолду беле? Сыягы, Шакинин кесепетинен Канат Исаевге бут тосулуп, ушу күндөрү Токмоктун күч органдары анын сары изине түшкөндөрү, жадагалса туугандарына чейин компромат издеп атышканы белгилүү болду. Ток этери, башына кара булут айланып турган чагы. А алкомагнат «култ» эте бийликтин башка бир «жылуу колтугуна» кирип кетип, а эки ортодо ким азапка калганын аңдап атасыңарбы?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: