Menu

Сүйүн Өмүрзаков менен Курсан Асановдун тирешүүсү эмне менен аяктайт?

Бөлүшүү:

Милициядагы өздүк булактарыбыз кабарлагандай, акыркы кезде ИИМ орун басарлары Сүйүн Өмүрзаков менен Курсан Асанов тымызын тирешүүгө өтүшүптүр. Таасир талашуулары жанданып, атургай интернет айдыңында бири-бирин каралатуу жагы да байкалып калды. Экөөнү кимдир бирөө мунасага келтирбесе, компроматтар согушу кыйла кызычудай болуп турат. Биз түпкүлүгүнөн талдап көрсөк, ИИМдин үч орун басары тең Оштон болгону (Данияр Абдыкаров дагы), аныгында бирөөсү креслону бошотушу керек экен, регионалдык балансты сактоо үчүн. Даниярга келсек, бу жигит «көмүскө министр» катары ордун небак эле бекемдеп алыптыр, анүстүнө байлыгы 15 миллион доллардан ашканын да айтышууда. Ошондо Өмүрзаков же Асановдун бирөөсү ээрден оой турганы күн тартибине кирип калгандай. Жогорку бийлик деле анализдеп, кайсы орун басардын иши начар болуп атса, ошого жараша баа берүү жагына ыкташы ыктымал. А мындай шартта экөөнүн ортосунда карама-каршылык күчөп, бири-бирин каралатуу жагы башталганын кантебиз? Аныгында, биз дал ушул өңүттөн дагы кызыктуу фактыларды алып чыгууга аракет кылмакчыбыз. Эгерде каармандарыбыз гезитке ой-пикирлерин айтууга батынышса, албетте эшигибиз ачык.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: