Menu

Муйбиллаев келин алып, кудага Турсунбаев менен Гаипкуловду алпарганы калды

Бөлүшүү:

Курманбек Бакиевдин режими тушунда Акимжан Муйбиллаев Финполду жетектеп, бийликке жакпаган фигураларды жана «өгөй бизнесмендерди балыктай эле кууруп» турганы эсибизде.

«Шилтеген кылычы зоо кулатып» дегендей. Агезде Акимжан мультимиллионер сымал байып, асман тиреген объектилери, хансарайлары андагы оппозициячыл «Учур» гезитине чыккан болчу.

Бирок кандуу бийлик өз баласын калкалап, андан дагы байыганга шарт түзгөнү жалганбы? Кызыгы, 7-апрелден кийин заман өзгөрүп, Муйбиллаев баш айланткан байлыктары жана кыңыр иштери үчүн жооп бермек тургай, ээн-эркин эс алып, бул бийликтен дагы «крыша» таап алганы таңгалдырган болчу. А бүгүнчү? Эски режимден калган дүнүйө-мүлкүн ого-бетер өркүндөтүп, жүзүнөн май тамып турган чагы. Жакында болсо келин алып, кудага Азиз Турсунбаев менен Искендер Гаипкуловду караан катары ээрчитип барганы жатыптыр. Баса, бир учурда Акимжан дөөгүрсүп турганда, береги эки досун карабай кеткен болчу, эми душман көзүнө бел тутуп алганын карабайсыңбы? Айла жок, бирок ай лав ю..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: