Menu

Президенттикке талапкерлер “Кыргызтесттен” өтүшү мүмкүн

Бөлүшүү:

Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “2017-жылдагы президентти шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери” деп аталган жыйында айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкерлерден экзамен алуу системасы эскиргенин, андыктан мамлекеттик тил боюнча сынагын “Кыргызтест” системасы аркылуу жүрүшүн колдой турганын кошумчалады. Ал эми БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева президенттикке талапкерлер “Кыргызтест” аркылуу сынактан өтсө, шайлоочулар сынакты түз эфир аркылуу көрө албай каларын кошумчалады.

17-майда Жогорку Кеңеш “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жиберген. Анда талапкерлерден сынакты “Кыргызтест” аркылуу алуу, босого чекти 9 пайызга көтөрүү, талапкерлердин күрөөсүн 100 миң сомдон 2 млн. сомго көтөрүү, шайлоо мөөнөтүн 15-октябрга белгилөө сыяктуу сунуштар бар.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. “Кыргызтест” лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: