Тажикстандын Гиссар районунун аскер комиссариатынын эки кызматкери жергиликтүү майып жаранды мажбурлап, жоокердик милдет өтөөгө чакыргандыктары үчүн айыпталышууда.
Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду, тергөө уланууда.
24 жаштагы Сайёд Халимовдун кулагы жакшы укпайт, колдору – тубаса ийри. Комиссариат үч жыл мурун анын майып экенине карабай, аскерге чакырган.
Халимовдун туугандары прокуратурага арыз менен кайрылгандан кийин комиссариаттын Иброхимов аттуу кызматкери кызмат абалынан пайдаланып, жигиттин үйүнө уруксатсыз кирип барып, аны алып кеткен.
Иброхимов турак-жай кол тийбестиги жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн эки жылга соттолушу ыктымал. Комиссариаттын аскерге даярдык бөлүмүнүн башчысы, капитан Шарипов болсо кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 5 жыл түрмөгө кесилиши мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ