Menu

Мирлан Алыкулов, обончу: “Бабанов жөнүндө клип тартып, дагы даңазалайм”

Бөлүшүү:

Акыркы кездерде социалдык тармактарда каарманыбыздын чыгармачылыгы боюнча «дүң» болуп, каршы-терши сөздөр айтылып, талкууга негиз түздү. Эмесе, кеп кезегин өз оозунан уксак.

– Мирлан, жакында «Бабанов биздин президент» деп ырдап чыгыпсың. Интернетте абдан талкуу жаратты. Кандай негизде мындай «жаңылыкты» ойлоп таптың?

– Ооба, ошондой чыгармамды жараттым. Мен Өмүрбек Бабановдун эл үчүн кылып аткан ишмердигин сыртынан билем. Саясатчы катары баалайм. Өзү менен жолугушуп, бир дагы жолу сүйлөшүп көргөн эмесмин. Фейсбук баракчаларында талкуу болгондо, «Бабанов биздин президент» деген чыгармамды мактагандар да болду, ошого катар мени каралап, жамандап да атышат. «Мирлан Алыкулов акча алган, кошоматчы, ошон үчүн мактап ырдады» деп жазышууда. Мунун баары жалган. Мен аранжировкага өз чөнтөгүмөн каражат кетирип, 10 миң сом төлөп, ушул ырды элге алып чыктым. Жеке баамымда, Бабанов президенттик шайлоодо утуп чыгып, мамлекет башчы катары шайланса, Кыргызстанда жашоо оңолот эле.

– Бул ырдын аркасынан чоң талкуунун жаралышын күттүң беле?

– Жо-ок, мындай сенсация жаралып кетерин ойлобоптурмун. Болгону өзүмдүн ой-толгоомду ыр менен элге билдирдим да. Мен ар дайым тойлордо жүрөм, эт бышып аткан жерде, же антрактта болобу, баары эле саясатты сүйлөшөт. Келаткан шайлоо боюнча талкуулар жаралып, Текебаев, Сариев, Төрөбаевдердин аракеттери айтылат. Анан мен «Бабанов биздин президент» деп үй-бүлөмдүн атынан ырдадым. Фейсбукка чыгары менен жаман-жакшы сөздөр айтылып, мен күтпөгөн көрүнүш болду. Ушинтип көпчүлүк сөз кылып атышса, менин популярдуулугумдун өсүп атканы да. Эми бул ырга клип тарттырып, «Бабанов биздин президент» деп мындан дагы даңазалайм.

– ӨмүрбекТоктогуловичтин штабынан сага кандайдыр бир реакция болдубу?

– Ооба. Мени Белинский-Московский көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Республика» партиясынын офисине чакырышты. Ал жерден Бабановдун ишенимдүү өкүлү кабыл алып, эмне максатта, кандай негизде минтип ырдап чыкканымды сурады. Мен жогоруда айткандай, жеке сый-урматым үчүн колдоо маанисинде ырдаганымды билдирдим. Аларга да күтүүсүз болуптур. Болгону ошол.

– Баса, бир күн өтпөй сенин ырыңа пародия чыгып, Өмүрбек Токтогуловичти ыплас каралоого алган бир эргул обон созду го?..

– Аны да уктум. Ошол пародистти тапсам сотко берет элем. Бирок мен үчүн аны издеп табуу кыйынга турат окшойт.

– Баса, Фейсбукта сага каршы пикир жазгандардын арасында «оппонентиң» Мирлан Баеков да бар экен. Ал сени жамандап, «мына ушундай ырларды жазат, деңгээли төмөн, буга көңүл бурбай эле койгула» дептир. Текеберленип, бой көтөргөндөй мааниде. Кандай жооп берет элең?

– Ошол мен башкы каарман болгон талкууларга Мирлан Баеков да пайда болуп, суу кечпеген сөздөрүн жазыптыр. Ал бала обончу эмес, болгону аткаруучу гана. Баековдун кылган иштери курусун, казактардын ырларын которуп ырдайт, бирөөнүн ырларын уурдап, обон созуп калат. Билесиңер да, ал менин «Кызыл өрүгүмдү» өзүнө таандык катары ырдап, «автору менмин» деп калп айткан. Кийин мен чыгып калып, анын калпын чыгаргандан кийин кыргыз элине уят болбодубу. Бул бала мага каршылаш жүрөт. Кемчиликтеримди чукуганды жакшы көрөт окшойт. Убагында экөөбүз айтышканбыз, атургай мушташкан күндөр да болду. Өздүк ырымды далилдөө үчүн сотко дагы бергем.

– Эмне болуп мушташып жүрөсүңөр?

– Кайсы жерден экенин айтпай эле коёюн, экөөбүз мушташканбыз. Мен Мирлан Баековдун катыгын бергем. Ал эркекче мушташканды билбейт экен. Болгону катындарча тытышып, менин көйнөгүмдү айрып салган. Ортодон бизди ажыратышкан. «Кызыл өрүк» менин ырым» деп айтканы үчүн катыгын берип, тепкилеп салгам. Ошон үчүн мага өчөшүп, соцтармактардан шыбап жүрөт. Мисалы, «Камчы братан» деген ырыма асылат, жамандайт ушул жагынан. Бирок, бул чыгармамды толук кандуу жарыялай элекмин да. Мындан сырткары Сабыр Жумабековго
арнаган обонум бар, ж.б. сүйүү, ата-энеге, мекенге, туулган жерге, айтор, сексенден ашык ырларым эл ичине сиңип кеткен. Негизи көңүлүмө кандай нерсе жакса, эргүү менен обон жаратсам неге болбосун? Кыскасы, Баеков мени ар дайым жаман көргөзгүсү келип, артыман баткак чачыратканга маш. Бирок, Мирлан Алыкуловду баары жакшы жагынан билет. Кыргыз элиме кызмат кылып келем. Маданияттын мыкты кызматкери катары төш белгиге арзыгам.

– Дагы да «дүң» боло турган ырларды жаратасыңбы?

– «Жашоого мен таарындым» деген ырым бүтүп калды. Жакында соцтармактарга чыгарам, бул чыгармам дагы хит болоруна ишенип турам. Буюрса күбө болосуңар. Негизи эле менин эч кимге окшошпогон чыгармачылык дүйнөм бар.

– Улуттук баалуулуктарды даңазалаган, ошого катар «сакалчандарды» тартипке чакырган ыр чыгарсаң болобу?

– Кой, мени мууздап кетишсечи? «Сакалчандарды» тартипке чакырбай эле коёюн. Корком (күлүп)…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: