Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды. Бул туурасында КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы билдирет.
Сапардын алкагында Төрага Чыныбай Турсунбеков жер титирөө катталган Ош облусунун Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Шибээ айылдарындагы жергиликтүү эл менен жолугушат. Ошондой эле Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылына барып, жер көчкүдөн жабыркаган жарандардан да кабар алат. Андан тышкары, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы бир катар социалдык мекемелердин курулушу менен да таанышары күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ