Menu

Адам арыгын баксаң, оозуңду каңдайт…

Бөлүшүү:

ИИМ министри Улан Исраилов менен орунбасары Данияр Абдыкаров президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири болгон Эркин Мамбеталиевге каршы кысым көрсөтүп жатышыптыр. Алар учурда «Шоопур акенин» заказын аткарып жатат дешет. Бир кезде көчөдө жүргөн кара тоголок баланы колунан жетелеп келип,Атамбаевдин командасына кошкон Эркин Мамбеталиев, учурда дал ошол баладан, тагыраак айтканда Улан Исраиловдон запкы жеп жатканы өкүнүчтүү. «Милицияны досум дебе» деген сөз бекеринен айтылбайт экен да. Эгер Эркин болбогондо ошол Улан азыр министр болуп отурат беле, же бир аймактык милиция башчысынан өйдө көтөрүлө албай шалпайып,
ИИМдин короосун сагалап жүрөт беле. Улан мырзанын тарыхына көз чаптырсак, ал эч качан Эркинге каршы чыкпаш керек эле. Баамыбызда Данияр Абдыкаровду колдоп жүргөн Икрам Илмиянов ошол аркылуу чабуулду баштагандай. Анткени, Икрамдын Эркинде ала албай жүргөн кеги бар эмес беле. Исраилов бир кезде бир нанды тең экиге бөлүп жеген досуна, жердешине каршы чыккандан көрө ИИМди таштап басып кетсе жигиттик кылмак! Чыныгы жигит болуш деле оңой эмес окшойт. Аттиң!

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: