Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековдун президенттик шайлоого КСДПнын атынан ат салышууга болгон ниети оңунан чыккан жок. Жакшы эле өзүн президенттикке татыктуулардын арасынан көргүсү келгенин кыялданып, маалымат булактарына дейре шардана кылып жибергенине карабай, өкчөгөн сакасы алчы түшпөй, бөк түштү. КСДПнын саясий кеңеши 17-майда жыйын куруп, президенттикке талапкер катары өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду тандады. Ошентип Турсунбековдун ою ордунан чыкпай, бери карап күлүп, ары карап ыйламсыраганга туура келди.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ