Menu

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын штабы өрттөлдү

Бөлүшүү:

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Жалал-Абад шаарындагы Горький көчөсүндө жайгашкан аймактык штабына 16-майга караган түнү белгисиз адамдар өрт койгондугу белгилүү болду. Өрттү көрүп калган адамдар өчүрүшкөндүгү айтылууда. Имараттын сыртына илип койгон баннери, терезе, эшиктери бир топ күйүп кеткен. Ал эми милиция үйдүн жанынан бензин коюлган бөтөлкө тапкандыгын бидирген. Аталган партия былтыр Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болоордун алдында түзүлө калып, эч ким тааныбаса да “сыйкырдуу күч”менен шаардык кеңешке өтүп кеткен жайы бар. Партиянын артында Икрам Илмиянов тураары айтылып келет. Белгилүү болгондой, 28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөмөкчү. Ага КСДП, «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары ат салышып жатат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: