Menu

Видео – Алмаз Атамбаев “Энекем” деген жаңы кусалык ырын чыгарды, бирок абактагы Текебаев баштаган саясый атаандаштарынын энелерин да ойлоду бекен?

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-майда Алмаз Атамбаев Энелер күнүнө утурлап, “Энекем” аттуу ырынын видеоклипин  бул тармакта адистешкен “Топташ” студиясы аркылуу жарыялады.

Анда Атамбаев адатынча гитаранын коштоосунда баягы эле стилине салып, энесине арналган жылуу сезимдерин, сагынычын, кусалыгын билдирген.

 

“Көптөн бери түшүмөн кетпей койдуң,

Алыстап менин асыл энем.

Жаш баладай энеке, куса болдум,

Ооруп жатат жүрөк сени эстеп.

кайрыма:

Сагындым энеке сөзүңдү,

Сагындым сүйкүмдүү жүзүңдү.

Өзүңдү, нур төккөн көзүндү

Бир эле көрсөм, бир эле өпсөм…

 

Көз жашымды төгүп, шак ойгоном,

Энекемди эстеп ой толгоном.

Өз балдарым балалуу болсо дагы,

Энем менен түшүмдө бала болом.

 

Жылдар өтүп бир күнү мен да кетем,

Жараткандын кайтпас жолу менен.

Бирок неге эле баладай мен ишенем,

Тосуп чыгат алдыман асыл энем…”

Атамбаевдин Энелер күнүн утурлап, “Энекем” аттуу ырын чыгарып, энесине асыл ойлорун айтканы алгылыктуу иш. Ошол эле учурда саясый буйрутма менен, бийликти сындап койгону үчүн гана жасалма айыптар тагылып, күнөөсүз абакта олтурушкан Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Кубаныч Кадыровдун, Бектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун, Тойгонбай Калматовдун энелерин да Атамбаев Энелер күнүндө эстеп койсо жакшы болмок. Алар да айыпсыз абакта олтуруп, энелерин эстеп куса болушууда. Алардын да энелерине Атамбаев сыяктуу таза сезимдери бар. Алардын ата-энелери да айыпсыз абакта олтурган балдарын көрүүгө зар болуп какшашууда. Саясый атаандаштык да энеге болгон таза сезимдер сыяктуу таза жолдор, таза колдор, таза ойлор менен жасалса болмок.

https://www.youtube.com/watch?v=SZg4bERo4tM

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: