Ар бир бийликтин тушунда мурдакы шайлоолорду таза эмес өткөн деген таризде наалыган сөздөр көп айтылат. Бирок эгемендүү мезгилдеги шайлоолордун тарыхы башкача фактыларды эске салат. Мисалы Абсамат Масалиев өлкөнүн тынчтыгын ойлоп өзүн колдогон элдин толкунун токтотсо, Акаев мезгилиндеги парламенттик шайлоодо дүйнөдө сейрек кездешкен көрүнүштөр болгон. 2000-жылы Кадамжай районунан ыраматылык Баяман Эркинбаев Жк депутаттыгына ат салышат. Бирок аны Кадамжай районунун соту шайлоодон четтетет. Бул үчүн ошол сот Баяман палвандын муштумун да жейт. Натыйжада талапкер катары жападан-жалгыз Айдаркен сымап комбинатынын директору Сартбаев калат. Бирок шайлоодогу добуш берүүдө акыйкатсыздыкка каршы болгон эл шайлоону өздөрү көзөмөлдөп, жалгыз талапкерге 96 пайыз каршы добуш беришет. Ушундай эле көрүнүш Кочкордо азыркы депутат Акылбек Жапаров менен маркум Усубалиевдин ортосунда да кайталанган. Кочкорлуктар акыйкат шайлоо үчүн Усубалиевдин эмгегин эске албай жалгыз талапкер болсо да аны колдобой коюшкан. Ошондуктан шайлоону биометрика же башка ыкмалар чечпей, добуш берген эл гана чечери турмушта далилденген.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ