Menu

Байсаловду байлай албай убарага түшкөн бийлик

Бөлүшүү:

Эдил Байсалов деген активист бар. Кээ бир адамдар анын сүйлөгөн сөзүн, көтөргөн маселесин угуп, бул бала кайдан чыккан деген ойго жетелениши мүмкүн. Бирок, президенттин “Эдичкасына” айланган жигит, айткандарын документ менен далилдеп, азыркылардын чекесине чыккан чыйкан болду. Ажонун тээ илгери Түркиядагы 35 млн долларга сатып жиберген деген фабрикасын иликтеп, андай эмес экенин далилдеп чыккан Байсаловго жетинчи кабат катуу кыжырланып калса керек. Анын туугандарын, коңшуларын кысымга алып, Байсаловду байлай албай убарага түшүп жатыптыр. Бир тууган агасынын ишине чейин аралашып, текшерүү жүргүзгөнү аз келгенсип, кечээ күнү суракка чакырыптыр. Мыйзамды сыйлаган өлкөбүз деп кагазга жазып алганыбыз эле болбосо, иш жүзүндө жунглинин мыйзамы өкүм сүргөн өлкөгө айланып бараткандайбыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: