Menu

Айшакандай бат өзгөрүлгөн Баш мыйзам

Бөлүшүү:

 

1993-жылы легендарлуу парламент кабыл алган Баш мыйзам өтө кызуу талкууланып, бир нече электен өтүп кабыл алынганы маалым. Ошол мыйзамды Аскар Акаев эки жылдан кийин өзгөрткөндөн соң өлкө жаман жагына өзгөрө баштаганы да белгилүү. Андан кийин Акаев мезгилинде да, Бакиев мезгилинде, Убактылуу өкмөттүн тушунда өзгөргөн сайын өлкөдө эч бир жылыш болбой, аны өзгөртүүгө себепчи болгондор өз кызыкчылыгына гана ыңгайлаштырып, бийлигин чыңдап жатышты.

Демек эл кызыкчылыгы үчүн Конституция бир да жолу өзгөртүлбөдү. Баарынан да Убактылуу өкмөттүн тушунда кабыл алынган азыркы Конституция мамлекеттик бийликтеги бардык жамандыкты кан буугандай токтотуп, азыркы бирин-бири чукумай, камамай, өч алмай сыяктуу шерменде спектаклдерди жаратпаш керек болчу. Азыр деле Баш мыйзамда көптөгөн кемчилдиктер бар экени белгилүү боло баштады. Эң башкысы эл бийликтин ээси болду деп жазылган менен андан кур жалак калган. Мисалы бир жыл мурда парламенттик шайлоо алдынан шайлоого катышкан партиялар эл алдында далай убадаларды беришти. Бирок алар учурда аткарылдыбы? Эгер беш жылга чейин аткарылбай калса ошол партиялар эл алдына келип, кайра эле добуш сатып алып ишмердигин улантып, бизнестерин калкалап жүрө беришет. Демек баш мыйзамда элге убадасында турбаган партияларды чакыртып алуу, же партиялык тизмеден депутат болгон кишилердин жоопкерчилиги каралган эмес. Баш мыйзам өтө шашылыш кабыл алынды. Бул тууралуу Мыктыбек Абдылдаев баштаган депутаттар өзүлөрү да көп айтып жатышат. Демек элдин добушун сатып алып, кулагына кесме илип, ар кыл убадаларды берип шайлоо таза өттү деп шылдыңдаса да болот. Мындан эч ким жазага тартылбайт. Бирок мамлекеттик машина ойлогон план ишке ашып кайра эле бийликке келсе, дагы Конституцияны өзгөртүүгө мажбур болорун бөркүңөрдөй көрө бергиле.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: