Menu

Президенттин “Элдик курултай” идеясын жалпы эл колдойт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Президенти А.АТАМБАЕВге

 

ПРЕЗИДЕНТТИН  “ЭЛДИК  КУРУЛТАЙ”  ИДЕЯСЫН  ЖАЛПЫ ЭЛ  КОЛДОЙТ

 

Урматтуу  Алмазбек Шаршенович!

Өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинде Сиз айтып чыккан “Элдик Курултай” институтун коомдук турмушка кийирүү идеяңыз учурдун эң башкы маселеси болуп турат. Бул тарыхый улуу идеяны жалпы эл колдойт. Анткени бул идея аркылуу гана өлкөдө эң таза моралдуу ички саясат, адилеттүү башкаруу орноп, коомдогу башаламандыкка, бүтпөгөн митинг, пикет, ээнооздукка, нравалык, адептик бузулууга: аракечтикке, баңгиликке, сойкулукка, бачабоздукка, ачкөздүккө, уурулукка, коррупцияга, зомбулукка ж.б. – терс көрүнүштөргө чекит коюлат. Ал аркылуу ата-мурас дөөлөттөр, элдик улуу нарк-салттар, улуу руханий маданият кайра жаралып,  “батыштык демократия” биздин коомго жугузган “оорудан”, моралсыз: ыплас, ушак, алдамай, кутум, чагымчы саясаттан тазаланаар элек.

Ушундай улуу максат менен көп жылдардан бери калың Кыргызстан эли “Элдик Курултайды” коомго кийирүүнү өз алдынча демилгелеп, курултай кыймылдары кеңири жайылып, онго жакын агымдары пайда болгон. Жалпы эл  бул тарыхый чоң саясий маселе мамлекеттик бийлик тараптан чечилүүсүн чыдамсыздык менен күтүп келди. Бирок, натыйжа чыкпаган соң жана учурда да Сиз көтөргөн идеянын  аткарылуусу өтө кечеңдеген соң, айрым агымдар түңүлүп, “оппозициялык” күчтөргө үмүт артып, аларга ыктап, алар менен тымызын ымала түзүп, азыркы мамлекеттик бийликке коркунуч келтирүүчү радикалдуу зор күчкө айлана баштады. Тарыхый чындыкты ачык айтсак, азыркы  мамлекеттик бийлик да “элдик курултай” кыймылынын духу менен пайда болгон, элдик революциядан туулган саясий түзүм экендиги белгилүү. Демек, калың элдин ички руху, жаны-дили эңсеген улуттук ата мурас улуу дөөлөт “Элдик Курултайды” мыйзамдаштыруу Сиз жетектеген бийликтин тарыхый ыйык милдети, калың эли-журту алдындагы тарыхый чоң карызы, парызы да болуп саналат. Калың эл күткөн бул улуу мүдөөнү көтөрүп чыккан Сизге чоң ырахмат!  Бул тарыхый улуу идеяны тезинен аткаруу менен азыркы бийлик өз элине жакын болуп, эл ишенимине, үмүтүнө кайра ээ болоору анык. Ал эми,  мамлекеттик бийлик үчүн өзүнүн элинен, элдик ишенимден артык эч бир чоң байлык жок! Ошондуктан, Сиз дал өз учурунда көтөргөн идея, “Элдик Курултайды” мыйзамдап, турмушка тезинен ашыруу – бул Кыргызстандын бүгүнкү саясий оор кырдаалдан, саясий кризистен чыгуусу үчүн өтө зарыл  маселе. Бул мыйзам жалпы эл менен мамлекеттик бийликти бириктирип, өз ара бекем ишенимге келтирүүнүн бирден-бир  жолу болуп саналат. Бул тагдыр чечүүчү тарыхый улуу милдетти турмушка ашырууга Сиздин (АКШны  айдап чыгарган, коррупция менен катаал күрөшкөн, Конституцияны тез өзгөрткөн) курч, чечкиндүү мүнөзүңүз, улуттук өткүр, күчтүү духуңуз, даанышман акыл-эсиңиз жетээрине элиңиз ишенип,  чоң үмүт менен Сизден гана күтүп турат. Өлкөнүн келечек тагдырына, саясий коопсуздугуна, экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө “аба-суудай” зарыл керек болгон бул тарыхый  улуу  реформада Сизге чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз, Жараткандан жардам тилейбиз!

300 адамдын колу коюлган

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: