Menu

Асыкбек Оморов,  профессор: “Кантөрө аке, асыл адам эле…”

Бөлүшүү:

Кантөрө Шарипович менен туптуура мындан он жыл мурун Ош аэропортунан Бишкекти көздөй чогуу учканы калганда кокусунан аэропорттун ичинен таанышып калдым. Кантөрө Шарипович Токтоматов 27-апрелде мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Кантөрө Шарипович адамдын жакшы сапаттарын санаса бардыгына төп келген адамдын асылы эле. Эч качан адамдын көңүлүн оорутуу дегенди такыр билген эмес. Дайыма колу ачык, жолу да ачык аябай кең пейил, адамдык касиеттердин бардык жакшы сапаты мына ушул адамда эле.

Ошол кезде Кантөрө Шарипович “Ии, Асыкбек, кандай, иштериң жакшыбы, сени мен дайыма кыргыздын тарыхы боюнча телевидениелерден, көбүн эсе “Улутман” берүүсүнөн көрүп калам, кыргыздын тарыхы жана идеологиясы боюнча жакшы иштерди жасап жатасың”, деп калды. Ошол таанышкан күндөн баштап Кантөрө Шарипович менен экөөбүз алгач жолугушканда ага-инилик байланышта жакшы мамиледе болдук. Кийин мамилебиз артып үй-бүлөлүк карым-катнашта ал тургай бир-туугандардай бири-бирибиз менен катнашта болуп жүрдүк. Негизи кээ бир адам менен бир эле көргөндөн баштап жакшы мамиледе болуп ошол адамдын жакшы касиеттерин баамдап калсаң өмүрүңдүн аягына чейин ал адамга сый мамиле менен өтөт эмессиңби. Ал эми кээ бир адам менен канча жолу жолугушуп мамиле жасай баштасаң да ал адам менен үй-бүлөлүк катнашта боло албайсың же досчулук касиетте мамиле улантылбай калат. Кантөрө Шарипович дайыма адамды өзүнө тартып ала турган, мына ушундай жогорку адамдык касиетке ээ болгон бир сөз менен айтканда адамдын асыл инсаны эле. Бир көргөн адам ал кишини ошол замат эле урматтап калаар эле. Кийин эң кичүү кызы Айдай турмушка чыкканда дагы Бишкектеги достору менен кошуп мени кошо тойго Жалал-Абад шаарына чакырып калды. Үйлөнүү тоюна үй-бүлөм менен чогуу комузчу Кылымдар деген балам жана кичүү уулум Алтай менен кошо барып, үйлөнүү тоюнда жалпы тойдун катышуучуларынын көңүлүн да ачып келдик.

Кыргызда “Аял жакшы, эр жакшы” дегендей “Атына жараша заты” деп айткандай үйүнө кирсең Майрам эженин да берекелүү жайыл дасторкону бир нече күндөрү жайылып тамак-аштын түрлөрү көздүн жоосун алып тураар эле. Кыргыздын салты менен ал үйгө өз кошумчаңды кошсоң, кетээрде кайра өзүңө эселентип элде жок кийит кийимдерди кийгизип өзүңдү аябай ыраазы кылып узатаар эле. Мындай сыйчыл адамдар чанда кезигишет. Кантөрө Шариповичке Кудай “оомат менен кененчиликти ченебей берген го” деп кетесиң.

Үйдөн кызды узатаарда кыргыздын салты менен күйөө бала менен кызы Айдайды кыргызча кийинтишип; “күйөө баланын көрүндүгү” деп 40 миң сомду күйөө баланын тумагына кыстарганы Кантөрө Шариповичтин колу ачыктыгын далилдеп турду. Мына ушул сыяктуу Кантөрө Шариповичтин адамдык касиеттерин санап отурса баа жеткис касиеттери абдан көп эле.

Кыргыз Республикасынын “Ардактуу Инсандары” коомдук бирикмеси республика боюнча “Журт атасы” деген ардактуу 12 бурчтуу Алтын медалы наамы менен сыйлоо алдында республика боюнча тандалган 140 адамдын ичинен 12 кишинин бири болуп ушул Кантөрө Шарипович ыйгарылган эле. Ошол кезде бу да болсо Кантөрө Шариповичтин жакшы касиеттеги адам экендигине бир далил болду.

“Артыңды караба, анда сени азапка салуучу өткөн күн бар”,

Алдыңды караба, анткени сени ойлондуруучу келечек бар” — ​дегендей Кантөрө Шарипович келечекти гана ойлоп, кыска мөөнөттүн ичинде Жалал-Абад экономикалык жана коммерциялык университетинде ректор болуп иштеп турганда ал адамдын иштемчил экендигине далил болуп университеттин базасында “Кыргыз-Түрк” биргелешкен институт, колледж жана лицей ачканга да үлгүрдү.

“Байлык — ​колдогу муз, бийлик — ​колдогу куш, бала — ​арттагы из” дегендей Кантөрө Шарипович байлык да, бийлик да чогулткан жок. Тескерисинче илимдин артынан түшүп балдарды тарбиялады, артында миңдеген балдардын изи калды. Ондогон илимдин кандидаттары менен докторлорун даярдады.

Ар бир адамдын коомдо жашаган орду жана социалдык абалы ал адамдын ата-энесинин тарбиялоосуна негизделет эмеспи.

Илгери казактардын улуу акыны Абай Кунанбаев жаш кезинде жакшы акын чыгып, эл арасына барктуу болуп атагы алыска угула баштаганда, Абай атасына кайрылып; “Ата, мен сизден кыйын болуп калдым, мен кайсы жерге барсам да эл мени Абай, Абай дешип жакшы кабыл алат” деп мактанган экен. Ошондо атасы Абайга “ээ балам, сен адегенде үйлөн, балалуу бол, ошол балдарыңды өзүңдөн кыйын тарбияла, ошондо сен менден кыйын болосуң” — ​деген экен. Кийин убакыт көргөзгөндөй Абай да үйлөндү, балалуу болду, бирок балдарынын бирөө да эл арасына атагы чыккан адамдардан болгон жок. Ал тургай Абайдын балдары ким экендигин элдер да билишпеди.

Кыргызда кеп бар “атага тең, атадан кем, атадан артык бала” деген, анын сыңарындай менин элден укканыма караганда Кантөрө Шариповичтин атасы Шарип атабыз балдарын жалаң өзүнөн кыйын тарбиялаган, бул адамдын үйүндө бир нече күнгө чейин дасторкону кем болбой дайыма жайылып, ал тургай кокус коноктордон өйдө элдерди коноктоп турган дешет. Мындай элдик адамдарды тарбиялаган адамга “асмандан Теңир жалгап, үй-бүлөсүнө Нур түшкөн, Нурдун касиети менен ушундай болгон” деп да элибизде кеп кылып калышат. Шарип аксакал дайыма элдерден өзүнө эмес балдарына бата алып берчү дешет. Учурунда адам баласына билинбейт, бирок мындай окуялар адам баласы менен жогору жактан табигаттын сырдуу дүйнөсү менен байланышкан окуялар болуп эсептелет. Мындай окуяларга биз 2010-жылы 10-июндагы Оштогу окуядан кийин мен жалпы кыргыз элин ынтымакка чакыруу максатта август айында Манас атабыздын туулган жери Алтай Республикасына барганда көптөгөн табигаттын сырдуу окуяларына туш болдук. Анын сыңарындай Кантөрө Шариповичтин бир туугандары азыр жалаң эл башкарган элдик адамдардан болуп иштеп жатышат, ар биринин ээлеген кызматы, социалдык абалы тууралуу кеп кылып кереги да жок, аларды жалпы кыргыз эли жана кыргызстандыктар билет. Кантөрө Шариповичтин бир туугандарынын мындай кызматтарды ээлеп турушу жалаң гана бир адамга – ата-энесинин тарбиясына гана таандык деп бүтүм чыгараар элем. Атаңдын «ботосун албай, батасын ал» дегендей бул адамдарга жалпы элдин батасы тийген, ата-энесинин тарбиясы менен ушундай даражаларга жеткен бир туугандардан болушту.

Кантөрө Шарипович андан сырткары биздин “Санжыра” борборунун долбоорлук ишине да жан дили менен жардам берип; “кыргыздын келечекте идеологиясын калыптандырууда жакшы иштерди жасап жатыпсыңар” деп материалдык жана моралдык жактан дайыма бизге жардам берип жүрдү. Эмне үчүн ушундай асыл адамдардын өмүрү кыска болот, аябай өкүнүчтүү, ар бирибиз арман менен тиги дүйнөгө кетет эмеспизби, кыргызда “жетимиш жаш желек жаш” дегендей быйыл 20-декабрда 70 жашка толот эле, атаганат жок дегенде ушул юбилейлик тоюн өткөрүп анан кетсе арманы аз болот беле деген арман менен биз “Санжыра” борборунун жетекчиси, тарых жазуучулар жамааттары өтө кайгыруу менен Кантөрө Шариповичтин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакын туугандарына көңүл айтабыз. Кыргыз элинде пенде баласы жарык дүйнө менен коштошуп кетип бара жатканда “Кандай адам эле?” деген суроо алакан жайып отурган элге коюлат эмеспи. Кантөрө аке мыкты бир тууган, эң жакшы жетекчи ага, мыкты дос катары жүрөгүбүздүн тереңинде калды. Чындыгында өзгөчө жаралган, биз анын басып өткөн жолу, өмүр таржымалынан көптү үйрөнө турган асыл адам эле. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: