Menu

УИАда ЕАЭБдин форматындагы интеграция боюнча конференция өтөт

Бөлүшүү:

8-9-июнда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында “Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы билдирет.

УИАнын Дж.Алышпаев атындагы экономика институту жана КМШ мамлекет-катышуучуларынын  гуманитардык кызматташуусунун өлкөлөр аралык фонду тарабынан уюштурулуп, иш-чара Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Белорусиянын, Казакстандын жана Россиянын илимий мекемелери менен жогорку окуу жайларынын башын бириктирет.

Анда ЕЭАБдин (Евразиялык Экономикалык биримдик) алкагында ачыла турган региондо аралык өнүгүүнүн артыкчылыктары жана жаңы мүмкүнчүлүктөрү каралат.Ошондой эле конференциянын программасы боюнча ЕАЭБ форматындагы интеграциялык аракеттер – сектордук ассиметрия жана Евразиялык интеграциянын натыйжалуулугу, анын контекстиндеги эл аралык сооданын диверсификациясы, ЕАЭБ контекстиндеги Азербайжан менен Тажикстандын экономикалык мамилеси жана ЕАЭБге башка мамлекеттердин кошулуусунун артыкчылыктары сыяктуу актуалдуу темалар боюнча дискуссиялар болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: