Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын тереңдеп үйрөнүү, көп улуттуу калктын биримдигин чыңдоо үчүн шарттарды түзүү, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү, атуулдук, маданий жана гуманитардык тармактарда эл аралык байланыштарды өнүктүрүү үчүн 2012-жылы түзүлгөн “Мурас” фондунун жетекчиси болуп Кыяз Молдокасымов дайындалды. Фондду буга чейин тарыхчы, окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин башкарып келген. Молдокасымов анын орун басары болуп иштеген. Сыягы, президенттин ата-бабасын бекер изилдебеген экен. Акыбети кайтты көрүнөт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ