Кыргыз Республикасынын Сейсмологиялык институтунун берген маалыматына ылайык 2017-жылдын 22-май күнү саат 15:23дө Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чектешкен тоо кыркаларында очогунда 6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк, Эркештам айылдарында 5 баллга чейин, Бор-Дөбө айылында 4 баллга чейин, Кара-Киндик, Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында 3,5 баллга чейин, Талды-Суу, Сопу-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Кыйроолор жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ