Menu

​Чаткал райондук сотунун жаңы имаратынын фундаментине капсула салуу жөрөлгөсү өттү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 22-май күнү Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Ш.К.Камбаровдун, Сот департаментинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын башчысы К.М.Капаловдун жана Чаткал районунун жергиликтүү жашоочуларынын катышуусу менен Чаткал райондук сотунун жаңы имаратынын фундаментине келечек муундарга кайрылуусу салынган капсуланы салуу жөрөлгөсү болуп өттү. Бул туурасында Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Соттун жаңы имаратынын курулушу Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын негизинде иштелип чыккан “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасынын алкагында жүргүзүлүп жатат. Соттун жаңы имаратынын курулушунун башталышы Кыргыз Ресупубликасынын Жогорку сотунун Төрайымы А.А.Токбаеванын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.И.Ибраимовдун түздөн-түз демилгесинин жана көзөмөлүнүн астында жүргүзүлдү.

Бекитилген долбоор боюнча соттун жаңы имараты заманбап талапка ылайык курулууда, имаратта сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик максатуу программада каралган бардык шарттар түзүлөт.

Областтык соттун төрагасы Камбаров Ш.К. курулуп жаткан соттун жаңы имаратынын фундаментине келечек муундарга кайрылуусу салынган капсуланы салып, өз сөзүндө соттун имаратынын курулушунун башталышына жана Мамлекеттик максаттуу программанын ишке ашуусунун улантылуусуна шарт түзүп берүүгө көңүл бургандыгы жана кол кабыш кылгандыгы үчүн мамлекетибиздин, Жогорку соттун, Сот департаментинин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле Чаткал районунун акими К.Ж.Эшалиевге жергиликтүү деңгээлде жардам бергендиги үчүн ыракматын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: