Menu

Өкмөт мүчөсү Жеңиш Разаков Майлуу-Суу шаары менен Аксы районунда болду

Бөлүшүү:

 

Кече, 22- майда КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков атайын расмий жумушчу иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жана Аксы районунда болду. Өкмөт мүчөсүнүн расмий жумушчу иш сапарынын башкы максаты Майлуу-Суу шаарындагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери менен таанышуу жана Аксы районундагы Авлетим айыл аймагына караштуу Афлатун дарыясындагы селдин алдын алуу жумуштарынын абалы менен жеринде таанышуу болду. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын ӨКМнин орун басары Равшанбек Рысбаев, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ шаардык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жалгыз аяк жол менен жөө өтүп барышып, жеринде жолугушту. Быйылкы жылдын 28-апрелинде түшкөн жер көчкүнүн көлөмү алгач 1 млн. куб. метрден ашуун жер массасын түзүп, Майлуу-Суу – Сары-Бээ айылдарын бириктирген автомагистралдын 500 метрин басып калган. Бүгүнкү күндө жалпы түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 7 млн. куб. метрге чукулдап калды. Учурда Сары-Бээ шаардык аймактык башкармалыгына караган Көгөй, Сары-Бээ жана Көпүрө-Башы айылдарынын 3500дөн ашуун жашоочуларынын Майлуу-Суу шаарынан тамак-аш азыктары менен турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарын ташуусу жалгыз аяк жол менен гана болуп калды. Жергиликтүү жашоочулар бул жалгыз аяк жолду “Өмүр жолу” деп атап алышты. Жалпы жонунан Майлуу-Суу шаары боюнча жер көчкүдөн 105 үй-бүлө жабыр тартышып, үйлөрүнөн көчүп чыгууга мажбур болушкан.  Азыркы мезгилде Түштүк Кара-Жыгач айылынан 23 үй-бүлө шаардагы атайын орто окуу жайынын жатканасына убактылуу көчүп чыгышса, Сары-Бээ шаардык аймактык башкармалыгына караштуу  45 үй-бүлө убактылуу чатырларда жашап жатышат. Өкмөт мүчөсү менен болгон элдин жолугушуусунда калк болгону эки өтүнүч менен бийлик өкүлүнө кайрылышты. Биринчиси, тез арада Майлуу-Суу – Сары-Бээ автомагистралын калыбына келтирүү жана 105 үй-бүлөгө тез арада турак-жайларын салуу үчүн жер участокторун ажыратып берүү өтүнүчтөрүн ортого салышты.

—    КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Майлуу-Суу—Сары-Бээ автомагистралын курууга 10 млн. сом каражатты бөлүп берди. Үч күндөн кийин бул жерге атайын техникалар келтирилип, жолдун курулушу башталат жана аны тез арада бүткөрүүнүн аракеттерин көрөбүз. Долбоор иштелип чыгылды. Жаңы жол Майлуу-Суу дарыясынын батыш жээгине салына турган болду. Бул жумушту Бишкек-Ош жол курулушунун дирекциясы ишке ашырат. Үч күндөн соң жолдун курулушу башталат,- деди КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков.

Жолдун курулушу саналуу күндөрдөн кийин башталаары туурасында жергиликтүү тургундарга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын транспорт жана жол министрлигинин жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраев кеңири маалымат беришти. Мындан сырткары турак-жайлары жер көчкүдөн улам кооптуу жана жашоого жараксыз болуп калган 105 үй-бүлөгө жакын арада жер участкалары бөлүнүп берилээри туурасында  бийлик өкүлдөрү ынанымдуу маалыматтарды беришип, жергиликтүү тургундар тарабынан берилген ондогон суроолорго ынанаарлык жоопторду беришти.  КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков мамлекет тарабынан калктын башына түшкөн кыйынчылыктарды жеңүүгө бардык күч-аракеттер жумшаларын ишендирип кетти.

Ушул эле күнү Өкмөт мүчөсү Жеңиш Разаков баштаган бийлик өкүлдөрү Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагына караштуу Афлатун дарыясындагы сел кесепеттеринин алдын алуу, дарыянын жээктерин бекемдөө жумуштарынын жүрүшү менен дагы таанышты. Афлатун дарыясындагы суунун көлөмүнүн көбөйүүсү Бай Кашка-Терек жана Коргон айылдарындагы 79 үй-бүлөгө сел каптоо коркунучун жараткан. Жергиликтүү бийликтин уюштуруучулук иш-аракеттери жана ӨКМнин адистери менен техникалык жардам көрсөтүүлөрүнүн аркасында дарыянын суу алып кеткен жерлери өз убагында тосулуп, сел жүрүү коркунучтары учурда толугу менен жоюлду. Авлетим айыл аймагынын башчысы Нурмырза Абдрамановдун айтуусуна караганда айыл өкмөтү тарабынан селди тосууга 500 миң сомдон ашуун каражат сарпталып, техникаларды иштетүүгө күйүүчү майлар сатылып алынган.  КРнын вице-премьер-министри  Жеңиш Разаков КРнын ӨКМнин орун басары  Равшанбек Рыспаевге сел алуу коркунучу толук жоюлмайынча жергиликтүү бийлик менен тыгыз карым-катнашта иш алып баруу тапшырмасын койду. Бүгүнкү күндө Аксы районундагы Авлетим айыл аймагында 11 676 калк жашап жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: