Menu

Ысык-Көл облусунда «бирге баңги кылмышына каршыбыз» ураандын алкагында футбол боюнча турнир өттү

Бөлүшүү:

Ысык-Көл ОИИБнын мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн демилгеси менен 5-жылдын аралыгында жаш өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп келген кичи-футбол турнири өзүнчө бир салтанатка айланып калган. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Аталган кызмат реформадан кийин КР ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгына айлангандан кийин, анын кызматкерлери аталган жакшы жышаанды унутта калтырбастан, мындан да ары улантып кеткени жагымдуу кабарлардан болду көрүнөт.

Жакында, аталган кызматтын кызматкерлери «Бирге баңги кылмышына каршыбыз» деген ураандын алдында жаш өспүрүмдөр арасында кичи-футбол боюнча кезектеги турнирин өткөрүп, бул мелдешке облустан бардыгы болуп 12 курама командалар катышууга жетишти. Жалпысынан алганда 2003-2004 жылдары төрөлгөн 150 жакын жаш футболчулар Каракол шаарынын борбордук стадионунда КР ИИМдин БМЖКККнын кубогуна күч сынашып, өз чеберчиликтерин көргөзө алышты.

Аталган турнирди өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жана областтык билим берүү институтунун өкүлдөрү дагы жакындан жардамын көргөзүштү. Спорттук мелдештин салтанаттуу аземинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын башчысы Нурдин Кепаракунов сөз сүйлөп, аталган турнирдин негизги максаты болуп эртеңки келечегибиз болуп саналган жаш өспүрүмдөрдү жат болгон көрүнүштөрдөн арылтып, спортко жакындатуу болуп саналарын белгилеп кетти. Ошондой эле, ушул турнирден тажрыйба алган жаш футболчулар, келечекте мамлекетибизди дүйнөлүк футбол талааларында татыктуу көрсөтө аларына чоң ишеничин билдирип кетти. Салтанатта сөз сүйлөгөн Жети-Өгүз районунан келген «Чырак» футбол командасынын машыктыруучусу Камчы Өмүрбеков уюштуручуларга ыразычылыгын билдирүү менен, жылда жаш өспүрүмдөр арасында өткөрүлүчү футбол турнири облусубуздун балдар арасында спорттун өнүгүүсүнө чоң салым экендигин айтып кетти. «Ар бир эмгектин, акыбети болот.

Мына, бул турнирге башында катышкан айрым футболчулар, бүгүнкү күндө азия чет мамлекеттердин футбол командаларында ойноп жаткандыгына, сиздердин дагы салымыңыздар өтө зор», – деп белгилеп кетти. Мелдеште өздөрүнүн чеберчилигин жана жакшы даярдыгын көрсөтө алып, биринчи байгелүү орунга Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынан келген «Алтын топ» командасы татыктуу болушса, экинчи орунду ушул эле райондун «Чырак» командасы ээлегенге жетишти. Ал эми, үчүнчү орунга болсо Ысык-Көл ОИИБнын базасында өткөн жылы түзүлгөн Каракол шаарынын «Динамо» командасы жетише алышты. Жеңичүүлөр жана байгелүү орундарга жетише алган командалар КР ИИМдин БМЖКККнын кубоктору, грамоталары жана баалу сыйлыктары менен сыйланышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: