Menu

Бишкек тургуну жарылган дөңгөлөгүнүн чыгымын мериядан өндүрүп алды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын тургуну Бакытбек Абдуллаев 10-мартта Панфилов көчөсүнүн оңдолуп жаткан участкасына кирип кетип, чоң таштарга урунуп, унаасынын дөңгөлөгүн жарып алган. Жабырлануучу белгилегендей, жолдо оңдоо иштери болуп жатканын эскерткен эч кандай белги коюлган эмес жана жол чырактар өчүп-жанып жакшы
иштебей жаткан. Окуя болгон күнү аба ырайы суук болгондуктан көчөдө үшүп калган Б.Абдуллаев бул ишти аягына чыгарууга өзүнө сөз берген. Акылы тетик жаран өзүнүн акыйкатын, жол оңдоочулардын айыбын фото-видео тасмаларга тартып, келтирилген чыгымды төлөп берүү талабы менен мэрияга кайрылган. Алгач жабырлануучуну жакын жуутпаган жергиликтүү чиновниктер акыры комиссия түзүп, жагдайды текшерүүгө мажбур болушкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия Б.Абдуллаевдин койгон кинеси менен макул болуп, 30-мартта “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасын 2300 сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Чечим аткарылбай, улам создуктурулганынан улам жабырлануучу экинчи жолу 12-апрелде, үчүнчү жолу 13-майда кайра-кайра кайрылып жатып, аягында күнөөлүү тарап 69 күндөн кийин, 17-майда ага келтирилген чыгымын төлөп берди. Тоң моюн бийликти ийилүүгө мажбур кылган мындай окуя аныгында шаарда биринчи жолу болуп жатат.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: