Menu

Жол кырсыгы качан азаят?

Бөлүшүү:

Бишкекте жарандык активисттер жол кырсыктарын азайтуу боюнча чара көрүүнү талап кылып митингге чыгышты. “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылынын аткаруучу директору Рита Карасартованын айтымында, азыр күнүгө жол кырсыгы катталып, адамдар өлүп жатат. Активисттер “Коопсуз шаар” долбоору качан ишке кирет? Чукул чара көргүлө. Эгер тиешелүү органдардын колунан келбесе, биз да көмөктөшөлү” – деп талап кылышууда. Былтыр Президент бул маселени өз көзөмөлүнө алганын айткан. Бирок, ал сөз ошол жерде калганбы, бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул “күн сайын үч киши жолдо каза болот” дегенди билдирет. Ал эми өлкөдө катталган жол кырсыктарынын ар бир үчүнчүсү ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыгат. Жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталса, анын 700гө жакыны Бишкек шаарында болгон.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: