Menu

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев акыркы коңгуроо аземинде бүтүрүүчүлөр менен бирге бийге чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-майда Жалал-Абад облусунун жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылындагы №9 И. В. Мичурин атындагы жалпы билим орто мектептеги “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Аталган мектепте 1657 окуучу билим алып жатышса, аларга татыктуу таалим-тарбия жана сапаттуу терең билим берүүдө 80 мугалимдер эмгектенип жатышат. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Ал эми мектепте өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына 9-класстын 126 окуучусу жана 11 класстын 67 бүтүрүүчүсү катышты.

Мичурин атындагы орто мектепте өткөрүлгөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына облус жетекчисинен сырткары Сузак районунун акими, ушул мектептин бүтүрүүчүсү Абдумуктар Маматов, Жалал-Абад облустук усулдук билим берүү борборунун директору Акылбек Токтосунов, Багыш айыл аймагынын башчысы Райымбек Мурзабеков катышты.

Мектептин бүтүрүүчүлөрүн ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, учурунда Мичурин атындагы орто мектепте иштеген 94 жаштагы ардагер мугалим Михаил Устименко куттукташып, чоң турмуш сапарына аттанып жатышкан бүтүрүүчүлөргө байсалдуу ак жол каалашты.

Мектептин окуучулары жана бүтүрүүчүлөр келген коноктор менен ата-энелерге, билим беришкен мектептин мугалимдерине атайын даярдалган концерттик программасын тартуулашты.

Жалал-Абад облусу боюнча быйылкы жылы  11-классты 10200 бүтүрүүчү жана 9-классты 17 600 окуучулар бүтүрүп жатышат. Республикалык жалпы тестирлөөгө 7200 окуучу катышты. Облус боюнча 10 бүтүрүүчү алтын тамга артыкчылык аттестатына ээ болушту. “Акыркы коңгуроо” салтанатына келишкен меймандарды бүтүрүүчүлөр бийге чакырышты. 11- а класстын бүтүрүүчүсү Айчүрөк Абдыкайымова ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевди бийге тартты.

Мичурин атындагы орто мектепте өткөрүлгөн “Акыркы коңгуроо” салтанаты мектеп коңгуроосунун жагымдуу үнүнүн коштоосунда  соңуна чыкты. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Сузак районундагы, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков Ноокен районунун Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептин “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: