Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айыл аймагында 2017-жылдын 23-майында түнү Жылуу-Суу айылындагы Аданбаев атындагы орто мектебинин пайдубалына чейин кум шагыл аралашкан сел калдыктары каптаган. Кошумча 3 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген жана Тан-Атаар жайлоосуна баруучу ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын жараксыз абалга келтирип, Чаткы-Мазар участкасына өтүүчү ашар жолу менен курулган ички чарбалык көпүрөнү суу агызып кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы блдирет.
24-май күнү жеринде КР ӨКМ райондук бөлүмүнүн башчысы, айыл аймактын Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Жергиликтүү бийлик тарабынан калыбына келтирүү иштерине атайын техниканын тартылуусу каралууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ