Menu

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Жабырлангандар өкмөттөн жардамды жакшы алыша элек”

Бөлүшүү:

– Жанар мырза, сиз жакында эле табийгый кырсык болгон Чоң-Алай районуна барып келбедиңизби. Ал жактагы элдин абалы кандай экен?

– Зилзаладан улам Чоң-Алай районунда жалпы 535 үй жарактан чыккан. Анын ичинен болгону жыйырмадайы гана камсыздандырылыптыр (кийин уксам мамлекеттик кызматкерлер экен). Эми аларга 200 миң сомдон акча бирилет. Ал эми калгандырынын акыбалы оор. Анткени, үйлөрү жарактан чыккан, чатырларда жашап жатышат. Чоң-Алайда сентябрда эле суук түшөт, алты айга жакын кыш болот. Президент үч миллион, Жогорку Кеңеш 1,5 млн. сом бөлдү, анан жеке фракциялардын, элдин жардамы эле болбосо жабырлангандар өкмөттөн жардамды жакшы ала элек. Болгону курулуш материалдарын Чоң-Алайга Оштогудай, Бишкектигей баада алып барып берип атышат. Бирок, аны сатып алганга элде акча жок. Мурда төрт транш менен 200 миң сомдон ссуда берилчү. Азыр ал дагы жок. Тамыңарды камсыздандырсаңар камсыздандырдыңар, болбосо жок деп таштап койгон. Ошон үчүн мен азыр жок дегенде пенсиясын алты ай мурун берип тургула, эптеп үйлөрүн бүтүрүп кирип алышсын дедим. Жергиликтүү бийликтер, губернатор, аким чындыгында убагында эле кабар алып жатышыптыр. Улан Пиримов, Жыргал Калмаматов өңдүү депутаттарыбыз, Жаманкул Калдыбаев аттуу ишкер жигит колдорунан келген жардамдарын беришти. Бирок, элге үй курганга көмөк керек. Мен таң калып атам, өкмөт эмне үчүн ушунча убакыттан бери маселени чечүүнүн жолун издебейт? Малыңды сатасыңбы, картошкаңды сатасыңбы, эптеп үй куруп ал деген сыяктуу эле мамиле болуп атат. Чындыгында премьер-министр барды, төрага барды, элден кабар алгандары жакшы, бирок, маселени кантип чечүүнүн жолун айталбай жатышат. Жок дегенде банктар менен сүйлөшүп, пайызсыз насыя бериш керек. Эл деле «бекер бербей эле койгула, төлөп беребиз» деп айтып атат.

Кеп кишилердин балдары орто жана жогорку окуу жайларында окушат. Аларга 20-30 миңден контракт төлөш керек, төлөбөсө экзаменге киргизбейт. Ошондуктан, элдин дагы бир суранычы – быйыл контрагы жок эле экзаменге киргизе беришсе, эмки жылы кошуп төлөйт элек дешет. Бул суранычты мен билим берүү министрлигиндегилерге айтсам, алар макул болушту. Бул маселе Кудай буюрса чечилет. Контрактка төлөнчү акчага курулуш материалдарын сатып алып, эптеп эки-үч бөлмөлүү үй тургуза калып, кышка чейин көчүп кирип алышы керек деп ойлойм.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: