Улуу Британия ММКлары АКШ администрациясынын өкүлдөрүн Манчестерде жардыруу уюштурган террорист жана ал колдонгон жардыруучу зат тууралуу маалыматты жайылтууга айыптоодо.
Маалыматтарга караганда, америкалык ММКлар алгач ыктымал жанкечтинин ысымын (Салман Абеди) Манчестер полициясынын каршы чыкканына карбай жарыялап, иликтөөгө тоскоол жараткан. Кийинчерээк New York Times гезити жардыруучу заттын сүрөтүн жарыялап, анын кантип жасалгандыгы тууралуу кабарды жарыялаган. Бул маалыматтарды АКШ бийлиги британ бийлигинен алган, Улуу Британиянын ички иштер министри Амбер Радд Акүйгө материалдарды жарыялоого болбой турганын айткан.
Telegraph билдиргендей, британ өкмөтү катуу ачууланууда. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй маалыматтын чыгып кетүүсү жөнүндөгү маселени Брюсселдеги саммитте АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушууда талкуулай турганы күтүлүүдө.
Манчестердеги теракт 22-майда болгон. Жанкечти америкалык ырчы Ариана Гранденин концерти бүтөр замат бомба жардырган. Жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобу өз мойнуна алды. Кол салуучу Салман Абеди Ливияда туулган. Күн мурун Ливия бийлиги анын атасын жана агасын кармаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ