Прокурор оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал БТА Банктан ири суммадагы акча уурдаган деген айып менен Алматыда сырттан соттолууда.
Бул иштин алкагында Мухтар Аблязовго кылмыштуу топ түзүү жана аны башкаруу, кызмат абалын кыянат пайдалануу, БТА Банктан акча уурдоо жана банктын каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу айыптары тагылган.
Чет өлкөдө жашап жүргөн Аблязов айыптарды четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирүүдө. Саясатчы Казакстан бийлигин андан ошол кезде активдери боюнча өлкөдөгү ири коммерциялык банк болуп турган БТА Банкты тартып алган деп айыптоодо.
Tengrinews сайтынын маалыматына караганда, прокурор соттон Аблязовго карата кошумча жаза катары банк ишмердүүлүгү менен алектенүүгө үч жылга тыюу салуу жана 300 бир айлык эсептик көрсөткүч (680 миң тенгенден ашык) өлчөмүндөгү айып төлөтүүсүн өтүндү.
Сот отурумунда БТА Банктын өкүлү Еркин Баймагамбетов прокурордун позициясын колдой турганын билдирди. Сот 15 саатка чейин тыныгуу жарыялады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ