Menu

Тынчтык Конушбаев, ЖК депутаты: “Иштетпей эле текшере берген жакшылыкка алып барбайт”

Бөлүшүү:

– Тынчтык мырза, экономика министри текшерүүчү органдардын саны 23төн 10го чейин кыскарганын билдирди. Бул ишкерликти өнүктүрүүгө оң таасир этет деп үмүттөнсөк болобу?

– Мен ошон үчүн экономика министрине «кыскартканыңар жакшы, бирок, эми жыйынтык чыгабы?» деп суроо бербедимби. Өздөрү бири-бири менен сүйлөшүп алып эле текшере берсе, эч кандай жыйынтык чыкпайт. Ошон үчүн экономика министрлиги аларды көзөмөлгө алып, жөн эле уруксат бере бербеши керек. Кайсы убакта, кандай себептер менен текшериш керектиги мыйзамда бар.

– Сиз ишкердик субъектилери кээ бир учурларда жалган арыздардын негизинде текшерилет дедиңиз. Ал кандайча?

– Мага көп арыздар келип атат. Өзгөчө бюджеттик мекемелерден, анын ичинен кесиптик техникалык билим берүү чөйрөсүнөн. Алардын айтымында, адегенде эсеп палатасы текшерет экен. Алар кеткенден кийин ички аудит деп өздөрүнүн билим берүү министрлигинен келип текшерет, алар кеткен соң райондон, шаардан, республикадан келип текшеришет экен.
Бул эмне деген шумдук?! Иштетпей эле жөн эле текшере берген болбойт да. Текшерген максаты – алардан бирдеке алышы үчүн барышат да. Жөн барышпайт. «Айталбайбыз, тилибиз кыска, айтсак сөз түшүнбөйт» дешет. Текшерип келдиби, алар менен мыйзамдашып, өз укугун талашып коюшса бүттү, ичтерине кек сактап калышат. Текшерүүчү орган болгондон кийин бири-бирин билет да. Финполициядан кат жаздырышат. Анан жалган кат менен келишет дагы «бизге арыз түштү» деп планы жок текшере башташат. Иштетпейт. Биз бул маселени көтөрүп, ишкерлерге жардам беришибиз керек да. Чындап эле күнөөсү болсо, мыйзам бузууларга жол берилсе, текшерсе болот. Анан жалган арыздын негизинде эле текшерип калган – бул жакшы эмес да. Жакшылыкка алып барбайт. Мындай мамиле менен биз эч качан ишкерликти өнүктүрө албайбыз. «Кыргызстанды ишкерлер үчүн бейишке айландырабыз» деп президент жакшы ой, жакшы тилек менен айтып атат да. Бирок, ылдый жактагылар баягы эле көндүм адаты менен текшере калат, баса калат…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: