Menu

Бакай-Ата районундагы кош салтанат, кош майрам

Бөлүшүү:

Бүгүн 25-май күнү Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу Кызыл – Сай айылында  кош салтанат, кош майрам болду. Бул туурасында Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирет.

Анткени биринчиден   аталган райондун мектептеринде акыркы коңгуроолор кагылып, мектеп бүтүрүүчүлөрү чоң кубанычка бөлөнүп турушса, экинчиден Кызыл-Сай айылындагы Күрөң уулу Шаршенбай атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилип салтанаттын катышуучуларына жаркын маанай тартуулады.   Белгилей кетсек, ушул айылдагы мектептин эски имараты Улуу Октябрь Революциясынан кийин эле  Совет бийлиги жаңы түптөлгөн  убакта 1928-жылы курулуп, ошондон бери далай жылдар өтүп, далай суулар агып,   эскилиги жеткен бул мектеп авариялык абалга келип, балдарды окутууга таптакыр жарабай калган.

Ал эми жаңы 275 орундуу жаңы мектептин курулуш иштери 2014-жылы башталган. Мектептин курулушунун жалпы сметалык баасы 76млн.919 миң сом турса, анын тендердик баасы 67 млн. 282 миң сом болуп, подрядчик катары “МПМК-Талас” акционердик коому курулуш иштерин толугу менен бүткөрүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Мектеп директору Нурайым Дөңбаеванын айтуусунда ушул мектепте 292 окуучу окуп, 25 мугалим эмгектенет экен. Жаңы мектеп бардык ыңгайлуу шарттары менен курулган. Тактап айтканда 12 жаңы кабинет, спорт зал, душ кабиналары менен, 30 орундук ашкана, китепкана жана да башка керектүү шарттар жаралган. Жаңы мектеп жаңы жабдуулар менен жабдылган.

Жаңы мектептин ачылыш салтанатына катышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев окуучуларга, мугалимдерге канчалык жакшы шарттар жаралса, ошончолук окуунун натыйжалуулугу да жакшы болот деген оюн айтты. Мына быйыл облусубуздун алдынкы окуучулары республикалык предметтик олимпиадага катышып, өлкө боюнча Бишкек шаарынан кийинки экинчи орунду, ал эми облустар арасынан биринчи орунду алып келишип бизди кубандырды. Ооба, мындай чоң ийгилик Таласта биринчи жолу жаралып олтурат. Эмдиги жылы ушул жаңы мектептин окуучулары дагы өзүлөрүнүн жакшы ийгиликтери менен бизди кубандырат деген жакшы тилегин жолдоду.

Күрөң уулу Шаршенбай атындагы орто мектептин жаңы имаратынан ачылыш аземине катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлкан Молдобекова куттуктоо сөз сүйлөп, мектепке өзүнүн атынан эки компьютер белекке тапшырды. Ошондой эле жаңы мектептин ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын илим, билим министринин орун басары Самидин Калдыбаев, Бакай-Ата районунун акими Канимет Осмонбеков, коомдук ишмер Мээрбек Мискенбаев, Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Адылбек Көчөркулов катышып, окуучуларды жана мугалимдер жамаатын жаңы мектептин ачылышы жана акыркы коңгуроо майрамы менен куттукташып, жакшы каалоо-тилектерин жолдошту.

Бүгүн Талас облусунун бардык 112 ортомектептеринде, 6 лицейде жалпысы 118 орто окуу жайларында акыркы коңгуроолор кагылып, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бул майрамына облус жетекчилери катышып, куттуктап келишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: